www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соңку жылдары Кыргызстандын жолдорун салып-оңдоо иштерине жалпысынан 30 компания катышкан, алардын арасынан 8 баарынан көп "заказдарды" аткарган. 
Жол куруу жана оңдоо иштерине абдан чоң каражаттар жумшалат, ал эми алар кандай колдонулат, туурабы, же туура эмеспи бул башкача суроо. Бирок биздин жолдордун сапатына жана бат эле бузулуп баштагандарына караганда, тилекке каршы акчалар туура колдонулган деген ойлор үстөмдүк кылбайт.
Төмөндөгү тизмеге кирген жол куруучу ишканалар миллиардаган суммаларга жолдорду куруп, ремонт кылган:
1. "Циндао жолдору жана көпүрөлү корпорациясынын Лонг Хай» КР өкүлчүлүгү 1.29 млрд сом – Балыкчы – Корумду жолун салган.
2. «Технотоп» ЖЧК 792 млн сом – реконструкция, Бишкек – аэропорт Манас жолун.
3. «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык мекемеси 661 млн. сомго – Бишкектин кварталдар аралык жолдорун ремонт кылган.
4. "China Road and Bridge Corporation" 187 млн сомов – учурда 3 долбоорду «Транспорттук коридор-1 ЦАРЭС» ( Бишкек - Нарын - Торугарт жолу) ишке ашырууда. 
5. «Чу Прокси» ЖЧК – 141 млн сомго Бишкек шаарынын жолдорун ремонт кылган
6. «Мост Групп» – 107 млн сомго – Бишкеке и Чуйдө ремонт жана жол курган. 
7. «СуТранспромжилстрой» ЖЧК – 105 млн сомго – Ош шаарынын жолдорун реонт кылган.
8. «Нефтесинтез» ЖЧК – 92.35 млн сомго битума уташыган, ал битум Бишкек – Нарын – Торугарт, Ош – Сарыташ – Иркештам и ж.б., объекттерге колдонулган, каражаттарды Минтранс бөлүп берген.
Жогоруда белгилеген ишканалардын баардыгы кыйыш түрдө Ак-үй менен Көк-үйдөгү чоңдор менен иш кылышат. Жалпысынан ушул 8 компания бюджеттен3 млрд 375.35 млн сом алган.

Тимур Саралаев, саясатчы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости