www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Азыркы Конституциянын долбоорундагы ченемдик-укуктук жоболор өзүбүздүн эле мурдагы Конституциялардан алынган», - деди бүгүн, 12-мартта NazarNews маалымат агенттигине Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров.
- Референдум жөнүндөгү мыйзам кабыл алынганда депутаттардын көпчүлүгү катышты. Бирок, ошол эле маалда бийлик күчкө салды деп айыптагандар да чыкты. Алар чындыкты айтып жатабы же парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өткөнгө ичтери ачышып, болушунча тоскоолдук жаратуунун аракетин көрүп жатышабы?
- Тоок туурунда какылыктайт болгон 5-6 депутатты түшүнсө да болот. Алар батышчылдар, түпкүлүгүндө Конституцияга деле каршы эмес. Алардын корккону эле бардык бийлик президентке өтсө, партиялык тизме менен шайланып келе турган ЖКнын депутаттарын шайлоо системасын президент жоюп салабы деп чочулашат. Анткени, азыркы партиялык тизме менен келген депутаттардын шайлоочулары жок, шайланган округу жок, менчик партия ээси менен жакшы болсо болду, эч жерге, эч кимге 5 жыл бою жооп бербейт. Бул система өзгөртүлсө, кайсы бир шайлоо округуна, элге түз барышы, отчёт бериши талап кылынат. Ошондон коркушуп жаткандыр. Болбосо Конституциянын долбоору жарыяланганына 3 ай өттү, конкреттүү сунуштарын Конституциялык Кеңешмеге, ЖКга берип, күрөш жүргүзүшү керек эле. Эл өткөн референдумда бизге кандай башкаруу керектигин чечип койгон. Аны бүт дүйнө жүзү тааныды. Эми ошол башкаруунун Конституциясын, анан мыйзамдарын кабыл алуу, азыркы бийликтин да, Жогорку Кеңештин да милдети. Ушуну билип туруп ызы-чуу салып жаткандар үчүн, Кыргызстандын элинин эркинен дагы башка күчтүү нерселери бар го, болбосо түшүнүктүү эле нерсеге эмнеге мынча чуулдашат?
- Неге бул конституцияны жазган адамдарды бийликке кошомат кылгандар жазды деп сындап жатышат. Конституцияны чындап эле тажрыйбасы жок, бирок кошомат кылган адамдар жаздыбы?
- Кеп аны ким жазганында эмес, анткени, Конституциянын долбоорун ушул эле ЖКнын депутаттары киргизгени, ушул эле парламенттин 90дой депутаты кечээ кабыл алганы де-факто, де-юре болуп тарыхта калат.
- Жаңы Конституцияны чындап эле чет мамлекеттен көчүрүштүбү же улут үчүн, мамлекет үчүн күйгөн азаматтар жаздыбы?
- Адамзаттын тарыхында 17-кылымдын аягында эки эле Конституцияны анын негиздөөчү аталары чогулуп алышып, кызыл чеке болуп олтуруп жазышканы белгилүү. Бири АКШныкы, экинчиси Польшаныкы. Калган мамлекеттердеги Конституциялар, анын ичинде биздики дагы кайсы бир өлкөлөрдүн Конституциясына окшоштурулуп, бирок өз элинин менталитетине, каада-салтына, жашоо турмушуна жана мамлекеттеги саясий режимге ылайыкташтырылып жазылган. Азыркы Конституциянын долбоорундагы ченемдик-укуктук жоболор өзүбүздүн эле мурдагы Конституциялардан алынган. Аларды өз мезгилинде, Акаевдин реформаторлору Франциянын Конституциясынан пайдаланышкан.
Тилекке каршы, сиз айткан «Улут, мамлекет үчүн күйгөн азаматтар» парламентте аз болгону үчүн улуттук кызыкчылык, улуттук идеология, укуктук мамлекет багытындагы ченемдер жокко эсе. Ал түгүл Элдик Курултай институтуна да так толук кандуу аныктама берилген жок. Андай сунушту да менден башка эч ким бербеди окшойт. Бирок, менин сунуштарым деле эске алынган эмес. Жаңы Конституцияга каршылар да, башкалары да, бир гана президенттин бийлигинин көптүгүн, бир гана бийликти айтышууда. Бул өтө өкүнүчтүү.
Анткени, Баш мыйзамда бийликтен башка, улут, укук, коом, байлык, менчик, салык, милдеттер, улуттук кызыкчылык, символикалар, эгемендүүлүктүн жана башка баалуулуктардын заманбап фундаменттери камтылыш керек болчу. Мындайларга коомчулук дагы, саясий партиялар, саясатчылар, депутаттар өздөрү да активдүү көңүл бурушкан жок. Ушуга кейүү керек!
- Андай болсо эмнеге айрым депутаттар президенттик башкарууну жана жаңы жазылган конституцияны сындап жатышат?
- Бул табигый көрүнүш же эскилер менен жаңылардын кайым айтышуусу десе да болот.
- Американын саясатын колдогон саясатчылар жана НПО, активисттер президенттик башкарууга жана референдумга караманча каршы чыгып жатышат. Алар мамлекет үчүн чындап күйүп, бышып жатышабы же көздөгөн максаттары башкабы?
- Дүйнө жүзү мурда социализм жана капитализм деп экиге бөлүнүп келсе, акыркы 15-20 жылда дүйнө державалары болгон мамлекеттер дүйнө элин: орусчул, батышчыл (америкачыл) кылып бөлүп, ошого жараша заманбап, маалымат, идеологиялык, саясий жана экономикалык кансыз согуштарды бири-бирине каршы түздөн-түз да, үчүнчү өлкөлөр аркылуу да жүргүзүп келе жатышат. Борбордук Азияда аны башка Республикаларга караганда Кыргызстан аркылуу жүргүзүшөт. Себеби, биз акаевщина куруп кеткен «общий домубуздун» ээси мамлекеттин атын алып жүргөн кыргыздар экенин үч ыңкылапта эле таанытпасак, калган башка учурларда «жаман үйдү коногу бийлейт» болуп, кен-байлыктарыбыздан бери бүт чет элдиктерге берип коюп, анан алардын болор, болбос кредит, грант, гумжардамдарына карата президенттерибиз саясат жүргүзүп келишти.
Жаңы Конституция кабыл алынса, азыркы президент ушуларга чекит коёт деген үмүт элде бар. Ага жол бербей Кыргызстанды мурдагыдай эле сактасак деген да күчтөр бар! Мунун баарын атайын кызмат болуп эсептелген УКМК жана башка мамлекеттик органдар талдап, анализдеп күнүнкүсүн күнүнө президентке жеткирип, алдын ала оперативдүү чараларды көрүп турбаса, 2020- жылдын 4-5-октябрындагы Бишкектеги окуя дагы кайталанышы мүмкүн!
Булак: NazarNews.kg