www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров эгемендик доордогу тарыхый окуялар тууралуу NazarNews маалымат агенттигине айтып берди.

Үчүнчү Бөлүм

1. Аксы окуясы

Эгемен Кыргызстандын тарыхый окуяларынын эң кайгылуусу да, тарыхта кара жана ак тамга менен жазылып кала турганы да 2002-жылдын 17-18-марттарында Аксы районунда болгон каргашалуу кандуу окуя болуп эсептелет. Муну мен ошол окуянын себепчилеринин бири болгонум үчүн айтып жатканым жок. Аксы окуясы ар кандай деңгээлдерде ар тараптуу изилденгени менен, саясый боёгу жок, нукура тарыхый-илимий жактан толук изилдене элек. Иликтөөлөр, бүтүмдөр негизинен саясый-укуктук жагынан чыгарылган. Аксы окуясынын саясый маанилүүгү, өзгөчөлүгү ал бийлик же байлык талашуудан, чыккан эмес, ал кылымдардан бери кыргыз жери деп эсептелинип, көздүн карегиндей сакталып келген Үзөнгү-Кууш дарыяларынын куймалары эч себепсиз эле Кыргыз бийлиги тарабынан оболу «талаш» жер участогу катары таанылып, анан Кытай эл Республикасы менен жашыруун бөлүштүрүлгөнү үчүн келип чыкканында жатат. Азыркы жаштарга жеткириш үчүн жалпак тил менен айтканда, кол тийгис деген кыргыз аймагы орточо бир райондун аймагындай азайып, Үзөнгү-Кууш чек ара заставасы ичкери көздөй болжолдуу 60 км Карасай заставасына чегинип көчүрүлгөн. Муну Акаев башында турган бийлик элден жашыруун жүргүзгөн. Аксынын депутаты А.Бекназаров өзүнүн депутаттык милдетин аткарып, муну парламентте көтөрүп чыккандыгы үчүн куугунтукка алынып камакка алынган. Өздөрү шайлаган депутатынын укугун коргоо үчүн, райондун борборуна тынчтык пикетине баратышкан эл бийликтин ок атуусуна кабылып 6 адам шейит болгон. Ушул окуядан кийин илгертеден баатыр Аксы эли Акаевди кызматтан кетирүү күрөшүнө чыгышып, «Акаев, акаевшина кетсин» деген ураан менен Ошко, Бишкекке чейин жоо жүрүштөрдү, ондогон курултайларды өткөрүп, Аксы жергеси Акаевшинага каршы курөштун эпидцентрине айланган. Кыргызстандагы бүткүл оппозициялык күчтөрдүн башын бириктирип, акыры 2005-жылдын 24-мартында Акаевди өлкөдөн качып кетүүгө мажбурлашкан. Аксылыктардын күрөшүн колдошкон Кыргызстандын мекенчил инсандары, жарандык коомдор, көзкарандысыз ММКлар, айрыкча Азаттык радиосу, анын журналистери, Жогорку Кеңештин жоон топ депутаттары ошол оор күндөрү Аксылыктар менен бирге болушкан жана саясый күрөштүн ар кандай түрүн көрсөтүшкөн. Аксылыктарды колдоп Кара-Кулжалык укук коргоочу Ш.Назаркулов кыргыз тарыхында саясый өлүмдүн түрү-ачкачылыкта жатып Бишкекте курман болсо, жүздөгөн адамдар камакка алынып, ур токмокторго кабылган. Бирок Аксылыктар аларды колдошкон инсандар, бийликтин бардык кордоо, зордоо зомбулактарына чыдап, үй-бүлөөлүк башкарууга каршы күрөшүүнүн жаңы үлгүсүн, майтарылбастыкты аягына чейин көрсөтүшүп, бүткүл дүйнө жүзүнө таанымал болушкан. Аксылыктардын мындай күрөшү кыргыз элин саясый жоктон ойготуп, бийлик элдин эмес, эл бийликтин ээси экенин Кыргызстанда биринчилерден болуп тастыктаган. Мурда улуттук-мекенчилдик позицияда бир гана Асаба партиясы болсо, Аксы окуясынан кийин ондогон мекенчилдик көз караштагы саясый партиялар, саясатчылар чыккан. Ага азыркы бийлик ээлери С.Жапаров, К.Ташиев ж. б. мекенчилдик позициядагы жүздөгөн саясатчыларды кошсок болот. Ошентип Аксы окуясы Кыргызстанда бекемделип жаткан авторитаризмдин үй-бүлөөлүк башкаруусуна каршы саясый күрөштүн башталышы, ал эми Аксылыктар аны баштоочу катары тарыхта калды.

2. 2005-жылкы март элдик ыңкылабы

2005-жылдын март айындагы ыңкылаб, акаевшинага каршы Аксылыктар баштаган саясый күрөштүн жыйынтыгы. Анткени март революциясынын негизги кыймылдаткыч күчү Аксылыктар болсо, ыңкылабдын ордосу да Аксы жергесинде болгон. Акаевке каршы саясый күчтөрдүн нечендеген курултайлары Аксы жергесинде өткөрүлүп, Акаевшинага каршы күрөшүү боюнча тийиштүү чечимдер алынып турган. 2005-жылдын февраль айындагы Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо, бийлик болгон күчүн уюткусу Аксыда жаткан Кыргызстан Элдик Кыймылынын лидерлерин өткөрбөө, бийликтин Алга Кыргызстан, Адилет партиялары колдогон адамдарды гана өткөрүү саясатын жүргүзүүнүн кесепетинде, КЭКтин катары көбөйүп, 2005-жылдын 4-мартында Жалал-Абад областында бийлик элдин колуна өтөт. 2005-жылдын 12-мартында Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн курултайда Акаевдин бийлиги Кыргызстандын түштүгүндө кулаганы расмий жарыяланып бийлик эл шайлаган губернаторлордун колуна өткөн. Ал эми 24-мартта мындай жеңиш Бишкекте Акаевдин Кыргызстандан качып кетүүсү менен аяктаган. 2005-жылдын март ыңкылабы, нукура элдик мүнөздөгү үй-бүлөлүк башкарууга, коррупцияга, бийликтин чыккынчылыгына, адилетсиздигине каршы чыккан элдин күрөшү болгон. 

3. 2010-жылкы апрель элдик ыңкылабы 

Логикалык жактан алып караганда, апрель революциясы Бакиевдердин үй-бүлөсү тарабынан уурдалган март революциясынын уландысы десек да болот. Эмне дегенде март революциясынын талаптары аткарылбай, болгону Акаевдин үй-бүлөсүнүн ордуна, Бакиевдердин үй-бүлөсү алмашып жатканы боюнча, революциядан үч ай өтпөй бийликке жаңы эле келишкен КЭКтин «атамандарынын» ортосунда өз ара пикир келишпөөчүлүк башталган. Натыйжада алты айга жетпей чыныгы революционерлер биринин артынан бири кызматтарынан ар кандай уюштурулган аракеттер менен четтетилип, алардын ордун Д. Усеновко окшогон «биз революционерлер эмеспиз» дегендер, президент Бакиевдин уулдарынын, ини, тагаларынын жакындары, «акаевдик саясый сойкулар» ээлеп, бир жыл өтпөй Бакиевдик үй-бүлөөлүк башкаруу, коррупция, адилетсиздик Акаевдикине караганда масштабынын кендиги мыкаачылыгы менен өзгөчөлөнүп жатканы жалпы элге көрүнө баштайт. Буга макул болбогон бир топ саясый күчтөр, Бакиевдик кланга каршы Бириккен элдик Кыймылга (БЭК) биригүүгө аргасыз болушат. Бакиевдин бийлиги кетирип жаткан кемчиликтер жөнүндө Бишкекте, региондордо өткөн, нечендеген тынчтык митингдерде, курултайларда, парламентте айтылып, чечимдери Бакиевке жеткирилип турган. Элдин талаптары мурдагыдай эле үй-бүлөөлүк башкарууга, коррупцияга, адилетсиздикке, кен-байлыктардын чет элдиктер тарабынан таланып жатышына, суу, газ, электр энергиясына баалардын өсүшүнө каршы талаптар болгон. Бирок Бакиевдин бийлиги аларды аткаруунун ордуна, Акаевке окшоп эле оппозиция лидерлерине, алардын жакындарына чейин ар кандай куугунтуктарды уюштурган. 2010-жылдын 7-апрелинде, Ала-Тоо аянтындагы бийликтин өз элине болгон кыргынынан кийин, Бакиев жакындары менен Ак-үйдөн качууга аргасыз болгон. Апрель революциясынын негизги башчылары, уюштуруучулары, мурдагы март революциясынын башчылары, катышуучулары болсо, апрель баатырларынын көпчүлүгү март революциясынын да баатырлары болушкан. Бакиевдин, анын жакындарынын качышы да Акаевдикине окшош болду. Айрымасы Бакиев элдин канын, Бишкекте эле эмес, түштүктө да төгүп кетти.

4. Убактылуу өкмөт (2010-ж. 7-апрель-21 декабрь)

2010-жылдагы апрель элдик ыңкылаптан кийин, Бакиевдин ордуна бийликке келген Убактылуу Өкмөт, өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып, кыска мөөнөттө президенттик башкаруунун ордуна парламенттик башкарууну камтыган Жаңы Конституцияны Конституциялык Кеңешмеге иштетип чыгып, аны референдум аркылуу 2010-жылдын 27-июнунда элге кабыл алууну уюштуруп, жаңы Конституцияга ылайык Жогорку Кеңешке жаңы шайлоо өткөрүп, утуп келген 5-чакырылыштагы беш саясый партияга мамлекеттик бийликти тынчтык жол менен өткөрүп берип, 2010-жылдын декабрь айында өзүн-өзү таркатты. Бул эгемен Кыргызстандын тарыхындагы тынчтык жол менен бийликти өткөрүп берген биринчи саясый-тарыхый окуя болду.

Эми мамлекеттик бийлик жаңы шайланган 5-чакырылыштагы төрагасы Ата-Журт партиясынын лидери А.Келдибеков болгон Жогорку Кеңешке жана алар түзгөн жана шайлаган башында А.Атамбаев турган коалициялык Өкмөткө толугу менен өттү. Конституциядан толук түшүнүгү жок жаштар: «Бийликте эч ким шайлабаган Р.Отунбаева 2011-жылдын аягына чейин президент болуп олтурбадыбы»-деши мүмкүн. 2010-жылдын 27-июнунда өткөрүлгөн референдумда Конституциянын долбоору менен бирге «Өткөөл мезгилдин президенти» институту кошо киргизилип, ага Убактылуу Өкмөттүн чечими менен Р.Отунбаеванын талапкерлиги аныкталып, ал да референдумга чыгарылган. Ошентип Отунбаевага да Конституциянын долбооруна кошуп эл тарабынан добуш берилген. Ушундай тартип менен жабык тизмеге киргизилген 120 депутатка деле бир эле добуш берип келбедикби?! Парламенттик система 2011-жылы Отунбаеванын тушунда гана толук кандуу иштеди. 2011-жылдын аягында жаны Конституцияга ылайык эл тарабынан түз шайланып келген А.Атамбаев тарабынан, Конституция 2012-жылдан башынан эле ошол 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттарынын жардамы менен бузулуп, өлкөдө кайрадан президенттик жеке башкаруу калыбына келтириле баштаган. Муну жаштар, айрыкча саясатчылар так ажыратып билүүсү керек. Атамбаев Убактылуу Өкмөттүн президентти болгон жок, аны эл 2011-жылдын аягында, Убактылуу Өкмөт тарап кеткенден кийин бир жылдан кийин шайлады. Мамлекеттик бийликти узурпация кылса, аны 5-жана 6-чакырылыштын депутаттарынын колдоосу менен кылды, айрымдары ошондой мыйзамга автор болуп, мыйзамдаштырып берип турган. Менин жеке пикиримде Убактылуу Өкмөттүн тарыхый эки саясый катасы бар.

Биринчиси өлкөгө парламенттик башкарууну киргизгени менен, ошол мамлекетти башкарат деген парламенттин депутаттарын тандап алуу укугун, элден алып саясый партияларда калтырганында. Натыйжада парламент эл өкүлчүлүктүү табиятынан партиялардын өкүлчүлүктүү органына айланып, депутаттарды тандоо партия лидеринин колунда болуп, алар акчасына жана партия лидерине лоялдуулугу боюнча тандалып, өмүрү ооз ачпаган бирок алтын, күмүш, коло наамдуу депутаттар тизмеге киргизилгенине шарт түзүлгөн. Кесепетинде парламент байлардын, бизнесмендердин колуна өтүп, бизнес менен бийлик мыйзамдуу аралашып, өлкөдө саясый коррупция болуп көрбөгөндөй өнүгүп, элибиздин парламенттик башкаруудан көңүлү көк таштай калды. Депутаттарды партиялык тизме менен шайлоо системасын пайдаланып, президенттердин үй-бүлөөлүк партияларын түзүү, алар аркылуу жалпы бийликти мыйзамсыз ээлөө жолун президент Атамбаев 2015-жылкы шайлоодо өзгөчө ишке ашырды. Ал өзүнүн СДПКнын тизмесин эле аныктабай, парламентке өтө турган партияларды, анын тизмесине чейин өзү баш, шопурлары төш, катчылары каш болуп аныкташты. Жыйынтыгы парламентке жалан «ляппайчылар» келип, алар азыр үчүнчү президентке улам мурдагы кожоюндарын сатып, мөөнөттөрү небак бүтсө да, ак эмгегин көрсөтүп жүрүшөт. Дагы кайталайм, Убактылуу Өкмөттүн саясый-тарыхый 1-катасы 2007-жылы Бакиевдин бийлиги киргизген ушундай шайлоо системасын калтырып койгонунда. Экинчи тарыхый-саясый күнөөсү, 2010-жылдын 10-июнунда түштүктө болгон улуттар аралык жаңжалдын алдын алалбаганында. Ошондогу мамлекеттик бийликтин ээлери катары Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн саясый-моралдык жактан күнөөбүз бар. Аны убагында өзүбүз да мойнубузга алып, элден кечирим сураганбыз.

5. 2020-жылдагы октябрь «төңкөрүшү»

Убактылуу Өкмөт сактап калган шайлоо системасы менен шайланып келишкен үй-бүлөлүк партиялар Бакиевди, Атамбаевди ж.б. коргой албагандай эле С.Жээнбековду да 2020-жылдагы октябрь «төңкөрүшү» учурунда, андан кийин да шайлоодо өзү колдогон үч партиясы сактай алган жок. Анын бийлиги да ушундай шайлоо системасынын кесепетинде 2020-жылдын октябрь айындагы «төңкөрүш» менен аягына чыкты. Жеке менин пикиримде, окябрь окуясы элдик ыңкылап же төңкөрүш да эмес. Ал ыңгайлуу учурду күтүп, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууну көздөп жүрүшкөн жашыруун аракеттенген кылмыштуу топтун пландуу аракеттеринин кесепети. Анткени аянтка топтолгон эл негизинен бир эле максат менен- адилетсиз өткөрүлгөн, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу, жана жаңы кайра шайлоо жарыялоо талабы менен чыккан. «Президент кетсин» же башка революциялык талаптар менен чыккан, же ошондойду уюштурган КЭКке же БЭКке окшогон жоопкерчиликти моюнга алган туруктуу оппозициялык уюм болбогон. Бийликтин сокурлугунан, шайлоого нааразы болгон элдин талабына убагында жооп берилбей, кесепетинде «С.Жээнбековды Ак-үйдөн кууп чыгабыз»- деп ыңгайлуу учурду күтүп жүрүшкөн күчтөр Ак-үйгө кирип алардын артынан карапайым эл кирип, мамлекеттик бийликти күч менен басып алуу аракеттери ишке ашкан. Мындай көрүнүш төңкөрүшкө караганда атайын уюштурулган кылмышка окшош. Бирок ушул окуядан кийин Жээнбековдун бийликте калганга саясый моралдык жактан укугу түгөнгөн. Себеби Ак-үйдү алдыртты, бийлиги качты аны коргогон, колдогон саясый күч болбоду. Шайлоодо колдогон үч партиясы иш жүзүндө ким экенин көргөздү! Ушундай шартта бийликти өзүнүн негизги душманына алдыргандан көрө, бийликке келүү үчүн ымалага келип жаткан Жапаров-Ташиев тандемине Конституциялык жол менен өткөрүп берүүгө аргасыз макул болду. Ошентип «чуркаган калат, буйруган алат» болуп, октябрь окуясы расмий иликтенбей келечекте тарыхчыларга чоң тема болуп калды.

6. 1990-ж. июнь жана 2010-ж. июнь окуялары

Бул эки окуя тең, Кыргызстандын тарыхында өлкөбүздүн түштүгүндө болгон улуттар аралык жаңжал катары калат. Үстүрттөн караган адамга бул каргашалуу эки кандуу окуя коёндой окшош. Жаңжал кыргыз жана өзбек улутундагы эки элдин ортосунда, Кыргызстандын бийлиги ошол мезгилдеги тарыхый окуялардын кесепетинен алсыз кезинде, ушундай кырдаалды өз кызыкчылыктары үчүн, пайдалангысы келген ички жана сырткы күчтөрдүн шыкаакчылык аракеттеринин таасиринен болгон. Кесепетинде кылымдардан бери, базары, мазары бир болуп, бирге жашап келген эки элдин жүздөгөн бейкүнөө адамдары каза болду, миңдегендери оор жабырланды. Мамлекетибизге эле эмес, элибизге оор экономикалык, социалдык, моралдык зыян келтирилди. Эң жаманы эки элдин ортосунда, ишенбөөчүлүк пайда болду. Бирок мындай жалпы окшоштукка карабай, эки кандуу окуянын айырмачылыктары да бар. Эң башкы айрымачылык 1990-жылдын июнь айындагы окуянын келип чыгышына уюшкан сепаратистик күчтөрдүн ролу чоң болгон. Өзбектер жашаган колхоздун жеринен, кыргыз жаштарына үй салууга жер берилгени, болгону шылтоо болгон. Чындыгында 1990-жылдын март айында, Ош жана Жалал-Абад чөлкөмдөрүндө жашашкан өзбек улутундагы бир топ Эмгектин жана Согуштун баатырлары, башка авторитеттери Республиканын түштүгүндө Өзбек автономиясын түзүү жөнүндөгү расмий кайрылууну Москвага-СССРдин Жогорку Советине, Кыргызстан КП БКна жолдошкон. Улуттук негизде «Адолат» партиясын түзүп активдүү сепаратистик иштерди эл арасында жүргүзүшкөн. Ал эми 2010-жылдын июнь окуясында сепаратизмдин айрым элементтери болгону менен сепаратистик расмий кайрылуу Убактылуу Өкмөткө келип түшпөгөн жана сепаратистик атайын уюм болбогон. Сепаратистик чакырыктар, аракеттер уюшкандыкта жүргүзүлгөн эмес. К.Батыров жана аны колдошкондор, ошол кездеги Убактылуу Өкмөттүн түштүктөгү алсыздыгынан жана Бакиевчилердин Убактылуу Өкмөткө каршы реваншистик аракеттеринен пайдаланып, түштүктө өзбек улутунун авторитети катары көрүнгүсү келген. Жеке өз кызыкчылыктарын ишке ашырууну көздөшкөн. Алардын жоопкерчиликсиз сүйлөгөн сөздөрүнүн кесепетинен улам оболу хулиганчылык, анан ал баш аламандыкка, аягында улуттар аралык жаңжалга айланып кеткен. Бирок Батыровдун мындай аракеттери көпчүлүк өзбек элинин, анын көпчүлүк авторитеттеринин колдоосуна ээ болбой, жаңжал тез эле эки элдин өзү тарабынан сүйлөшүүлөр жолу менен токтотулган. Эки элдин алгачкы жарашуу сүйлөшүүсү, 2010-жылдын 14-июнунда так ошол Батыровдун менчик Университети өрттөлгөн күнү Жалал-Абадда, анан Сузакта болуп, андан соң бүткүл өзбектер жашаган ар бир калктуу айыл, шаарларда массалык түрдө өткөрүлгөн. Түпкүлүгүндө бир эл, тили, дини бир, кылымдар бою бир базардан соода кылып, өлүшсө бир мазарга коюлуп келген эки элдин ынтымагы, бул жалгандын оома-төкмө утурумдук, саясаттарынан улам ийилсе ийилеер, бирок сынбайт деп ойлойм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости