www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламенттин 6-чакырылышы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алууга эч кандай моралдык укугу жок. Бул тууралуу басма сөз жыйынында мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров билдирди.
Анын айтымында, Жогорку Кеңештин так ушул 6-чакырылышы Алмазбек Атамбаевди бийликти узурпация кылууга жардам берген.
“Алар же экс-президентти улуттун атасы атап, түндүк-түштүк жолуна анын атын бергиси келген. Алар Атамбаевге бийликти узурпация кылууга жардам берген. Экс-президент ар бир партиядагы парламенттик шайлоого барчулардын тизмесин бирден тактап берген. Ошондуктан, бул парламентти – "Атамбаевдин түкүрүгү" деп айтар элем. Эми алар аны кол тийбестиктен ажыратууну көздөшүүдө. Ушул эле адамдар үч жылдан кийин Сооронбай Жээнбековго каршы чыгышат”, - деп айтты Азимбек Бекназаров.
Муну менен мурунку башкы прокурор Алмазбек Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу демилгесин колдойт.
“Атамбаевдин бийликти бир колго алганын 2012-жылы эле айткам. АКСти түзүп, анан Мамлекеттик чекара кызматын өзүнө алган”, - деп Азимбек Бекназаров белгиледи.
Булак:NazarNews.kg