www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-март күнү Баткенде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып абал курчуган учурда Камчыбек Ташиев менен Бактыяр Калпаев чек арага барып элден кабар алып маселе менен ордунан таанышканы баарыбызга маалым. Андан соң алар Акипресс маалымат агентинттигинде жыйын куруп бийликке бир топ кайрылууларды жасап Аксай - Тамдык жолун тез арада бүтүрүүнү талап кылышкан.

Бактыяр Калпаев ал жол Кыргызстандын аймагында жайгашкандыгын жана Аксай-Тамдык жолун бүтүрүп инфраструктуралык жактан колдоо көрсөтүп чек арада жайгашкан айылдарды электр жарыгынан, салыктан бошотууну жана бизнеске жеңилдиктерди берүүнү талап кылган. Ошонун натыйжасы менен 2019-жылдын 11 июнь күнү өкмөт чек арага чектеш Ак-Сай айылынын инфраструтуралык абалын жакшыртууга 220 млн сом бөлгөндүгү маалымдалды.

Аталган каражаттын 70 млн сому Ак-Сай — Тамдык жолунун курулушун улантууга, ал эми 80 млн сом Ак-Сай — Рават каттамын салууга жумшалат. Калган суммага Ак-Сай айылына суу чыгарууга, жергиликтүү мектепти оңдоо жана коңшу Капчыгай, Ак-Татыр айылдарына жаңы бала бакча куруу каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости