www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көптөн күткөн күн келди!

Байыркы замандардан бери түгөнөт десе кайра түтөп, жоголот десе кайра күчөп, нечен жолу Улуу Каганаттарды түзүп, эчендеген өз мезгилинин Барсбек, Манас сыяктуу эр-азамат кагандарын жараткан, кутмандуу жоокер мүнөз кыргыз калкым!

Көптөн күткөн күн келди. Бул күн үчүн сен 30 жылда үч жолу көтөрүлдүӊ, үч жолу хан ордосу Ак үйдү алдыӊ, өзүн хан сезген үч президентти тактысынан кулаттыӊ! Эми алданба! Кайдыгерлик кылба! Жеӊиштин аягына чейин бекем тур! Кел-келибизди аныктоочу, баштоочу күн, бул - 2021-жыл 10-январь! Бул күнү сен, убактылуу келип, кетчү кезектеги президентти эле шайлабайсыӊ, бул күнү сен өз келечегиӊди, мамлекетиӊдин кандай болушун өзүӊ тандайсыӊ! Сен аныктаган, тандаган бийликке өзүӊ шайлаган президенттер депутаттар, Өкмөт келет. Алар сен аныктаган тартипте, мөөнөттөрдө жалпы эл үчүн эмгек кылып, элге жыл сайын элдик курултай аркылуу отчет берип, убактысы менен алмашып турат.

Адамзаттын тарыхында мамлекеттик бийлик системасын өзү аныктап, өзү тандаган биринчи эл болуп жатканыӊды унутпа! Муну жон териӊ менен сезгин, кыргызым!

Тарыхый жоопкерчиликти сага, сенин жоокер мүнөз, эркиндикти сүйгөн эл экендигинди 30 жыл ичинде өзүн хан, пайгамбар сезип калышкан президенттердин жеке үй-бүлөлүк, кландык, партиялык, мафиялык режимдерине каршы тике, туруктуу турган эрдигиӊди билген, урматтаган жана баалаган, ага таазим кылган азыркы бийлик ээлери ЖАПАРОВ-ТАШИЕВ-МАМЫТОВ ҮЧ ИЛТИГИ БЕРДИ! Мындай чечимге алар жеӊил желпи келген жок! Жапаровду мурдагы президенттердин жолуна түшүрүүгө ичтен да, сырттан да катуу аракеттер болду жана болууда. «Бардык бийлик өз колуӊузда, эл эмнени түшүнөт эле, эми сиз каалагандай Конституцияны жаза коелу да референдум аркылуу элге жамынып алдыртып салабыз", - деген кошоматчылар менен өз кызыкчылыгы үчүн, шайтан менен болсо да убактылуу кызматташа коюну кесип кылып алышкандар: "Биз сизди колдоп беребиз, бардык бийликти ала бериӊиз, болгону Жогорку Кеӊештин депутаттарын партиялык тизме менен шайлатууну бузбасаӊыз. Курултай деген эски түшүнүк, аны эмне кыласыз?» дешип, Конституциянын долбоорун тар чөйрөдө даярдашып, Садырга  кызмат да кылышты. Айткан кадрларын каршылык кылбай шайлап да беришти, шантаж кылып, коркутуп да көрүштү, Жапаров-Ташиев-Мамытов үч илтикти бузууга да аракеттер болуп жатат. Бирок Садыр алданбады. Аны Кудай туура жолдон адаштырбады. «Элге кандай бийлик керектигин, эл өзү чечсин» деп он жылдар бою мурдагы президенттер кылбай келген маселени референдумга чыгарып, чыныгы демократ экенин көрсөттү. Ошентип Акаевдин заманынан бери демократия терисин жамынып жүргөндөрдүн бет пардасын ачып койду. Ушул кадамдары үчүн эле Садыр Жапаровду президенттике татыктуу десек болот. Ал өлкөнүн саясый системасын аныктоодо, жаӊы тарыхый жолго түштү. Бул ал жасай турган реформалардын компромисттик гана башталышы!

Эми мамлекетибиздин саясый системасын чечүү бир гана өзүбүздүн колубузда. Тандообузда эки жол бар: биринчиси: мамлекетти башкаруунун президенттик түрү, экинчиси: парламенттик башкаруу. Бул башкаруунун эки түрүн теӊ, эгемен доорунда кыргыз эли көргөн жок. Айрым элементтери гана ар кайсы Конституцияларда кагаз түрүндө жашап келди. Биз 30 жыл бою мыйзамсыз жеке президенттик башкаруунун, кээде үй-бүлөлүк, кээде криминалдык, кландык, акыркы мезгилдерде үй-бүлөлүк жеке партиялык, мафиялык башкаруу түрлөрүндө жашап келдик. Дүйнө жүзүндө башкаруунун кайсы гана түрү болбосун, оӊ натыйжа берген өлкөлөр абдан көп. Кеп башкаруунун түрүндө эмес, кеп башкаруунун кайсы түрү, кайсы элдин менталитетине, жашоо мүнөзүнө, экономикасына, социалдык- маданий, руханий дүйнөсүнө, каада-салт, динине, географиялык абалына туура келгендигинде жатат. Өз элинин «Ата түркү», «Малай башы», «Түркмен башы»,  «Эл башы», «Отцы основатели», «Эл атасы» ж.б. элдик наамдарга ээ болгондор, өз элинин кызыкчылыгында өз мамлекетин курууда, өнүктүрүүдө туура жолду аныктап, адашпагандар болушкан. Алар үчүн кайсы бир улуу державанын, элдин же эл аралык  уюмдун берген «кеп-кеӊеши», « жардамы», долбоордору, традициялары, баалуулуктары, же кайсы бир өнүккөн өлкөнү «слепо» тууроо милдет эмес, аларга өз элине ылайыктуу, туура келген шарттар, багыттар, баалуулуктар баарынан жогору болгон.

Бизге башкаруунун кайсы түрү ылайык келет?

Эртеӊ 10-январда туура чечимге келүү үчүн, өзүмдүн жеке иликтөөмдү сиздер менен бөлүшөйүн, кимдир бирөөгө пайдасы тийер.
1. Парламенттик башкаруу - бул саясый-экономикалык системасы калыптанган жана өнүккөн же туруктуу бир калыпта өнүгүү жолундагы бир катар Европа жана Азия өлкөлөрүндөгү, мисалы, Англия, Германия, Япония, Малайзия сыяктуу ондогон алдыӊкы өнүккөн өлкөлөрдүн саясый башкаруу системасы болуп эсептелет. Бул өлкөлөрдө өздөрүнүн элинин байыртадан сакталып келе жаткан улуттук каада-салты, дини, дили, заманбап мыйзамдары, жашоо турмушу, улуттук кызыкчылык үчүн баары бир бүтүнгө айланып калган. Башкача айтканда, булар өздөрүнүн традициялык өнүгүү жолундагы өлкөлөр. Мамлекеттин саясый системасы менен элдин менталитети, жашоо-турмушу, дини баары бири-бирине туура келет. Бул өлкөлөрдө диний партиялар да башка партиялар сыяктуу эле саясатка катышат. Мисалы, Германиянын социал - христиандык, демократиялык партиясы менен Малайзиянын ислам партиясы, башка улутчул - мекенчил партиялары менен бирдикте ондогон жылдар бою өз өлкөлөрүнүн Өкмөтүндө башкаруучу партиялар болуп эсептелет. 
2. Президенттик башкаруу - бул негизинен улуттук - боштондук же саясый режимдерге каршы көтөрүлүш жолу менен же мамлекеттин ыдырашы менен жаӊы түзүлгөн же эгемендүүлүгүн алган жаш өлкөлөрдө орун алган. Мисалы 1870-1890-жылдары Англиядан көз карандысыздыкка толук жетишкен, азыркы АКШ биринчи супер- президенттик башкаруусу бар өлкө болгон. Ошондон бери айрыкча Америка, Африка, Азия материктеринде, улуттук-боштондук кыймылдарда боштондукка чыгышкан бир катар элдер президенттик башкаруудагы эгемен мамлекеттерин түзүшкөн. Албетте, мындай шарттарда революция башчылары алгачкы президенттерден болушат.

1991-жылы, СССР ыдыраганда да, анын курамындагы 15 союздук республика президенттик башкарууну тандашкан. Бир гана Абсамат Масалиев жетектеген Кыргызстан Компартиясы Кытай түрүндөгү парламенттик башкарууга багыт алган. Бирок, анын мындай кадамы үчүн «сокур, коркок, бечара» деп парламенттин ичинде демократ терисин кийинишкен Ж.Сооданбеков, А.Муралиев, Ф.Кулов, Ө.Текебаевге окшогондор «Бизге президент башкаруу керек!» дешип, ага каршы чыгышса, сыртта Т.Тургуналиев баштаган КДКлар «Масалиев кетсин! Акаев биздин президент!» дешип ачкачылыкта жатышып, Кыргызстанда да, президенттик башкарууну киргизишкен.

Президенттик башкаруунун жакшы жагы, бийлик бир адамдын колунда топтолуп, революциядан кийинки өткөөл мезгилде, көп мамлекеттик маселелер оперативдүү ыкчам чечилет. Мындай башкаруусу бар өлкөлөрдүн өнүгүүсү же коррупцияланышы, демократтуулугу менен диктаторлугу, президент болгон адамдын жеке турмуштук, билимдик, тажрыйбалык  жана башка адамдык сапаттарына, да байланыштуу болот. Мисалы, Борбордук Азиядагы эле мурдагы постсоветтик республикалардын азыркы ар түрдүү саясый-экономикалык абалдары, саясый режимдери ага далил.

Азыркы Кыргызстанга кандай башкаруу керек? Кыргыз эли өзүнүн туруктуу каада-салты бар, байыркы элдин бири экенине карабай, орусташтыруу, советтештирүү анан эгемен доорундагы акаевдик Кыргызстанды «жалпы үйгө айлантуу», либералдашуу саясаттарынын кесепетинен, бирдиктүү улут, анын салттуу баалуулуктары эле бузулбай, бүтүндөй жандүйнөбүзгө чейин бузулган. Анын кесепетинен же орус болуп, христиан болбодук, же чыныгы мусулман да эмеспиз, каада-салт, нарктуулук,намыстуулук жоголуп, арсыздык, кайдыгерлик, жалкоолук, сойкулук, аракечтик, саткындык кадыресе турмуштук көрүнүшкө айланып кетти. Түштүк-түндүк, кыргыз-киргиз, акаевчи, бакиевчи, улутчул, батышчыл, орусчул сыяктуу бөлүнүү бүгүнкү реалдуулукка айланды. Мындай көрүнүш акыркы 180 жылда кыргыз жок болуу багытына гана баратканынын далили. Улуттук жолду айткандар, тандагандар алигиче улутчулдар эл душманы катары каралып, батышчыл менен орусчулдар прогрессчилдер катары бааланат. Эгемен доорунда кыргыз, орус жытынан батыш жытына өтүүгө аракет болду, бирок, улуттук кайра жаралуу саясаты жүргүзүлбөдү. 30 жылдан бери өз жолубузду таппай туӊгуюкта жашап, күчүбүздү бийлик ээлеринен чыгарып келебиз.

Менин жеке пикиримде, азыркы кыргыз шартында, кыргызга жөн эле президент эмес, улуттук идеялдарды туу тутунган, эл менен элдик курултай аркылуу кеӊешип, улутту кайра жаратуунун өткөөл мезгилин аныктап, карыш-карыш алгалай турган улуттук лидер керек. Ал лидер асманды чапчыган космополит же кооз сүйлөгөн куру чечен эмес, элдин менталитетине, жашоо мүнөзүнө жараша идеяларга суугарылган, бир сүйлөгөн, беттегенин бербеген чабылган кылычтай, атылган октой, артын кылчактабаган, элге жакын адам болушу керек! Ушундай лидер менен бөлүнүп, чачылып турган азыркы абалыбызга, улуттук кайра жаралуунун өткөөл мезгилинде бизге жоопкерчилиги кошо так аныкталган президенттик башкаруу ылайыктуу. Дүйнөнү башкарып жаткан АКШнын түзүлгөнүнө 233 жыл болуп ошондо кабыл алынган, Конституциясына болгону 30га жетпеген гана кошумча толуктоо, түзөтүүлөр киргизилди. Жакында демократ Байден АКШнын 47-президенти болуп, республикачыл Трампты алмаштырды. Бир дагы президент "АКШнын баш мыйзамын өзгөртөм же АКШны парламенттик өлкөгө айлантам" деп айта элек. Анткени АКШны негиздөөчү аталары түзгөн система13 жыл бою ар бир штаттын элинде кызуу талкууланып, анан кабыл алынган. Биздикине окшоп тар чөйрөдө, жашыруун түрдө, 5-6 күндө жамаачыланып даярдалып, анан элге жамынылып оптом, бүтүндөй баш мыйзам  эч бир мамлекетте кабыл алынбайт. Биз ушул жолдон кетишибиз керек.
Президенттер келет, кетет ал эми эл тандаган саясый система иштей берет.

10-январга чейин жан-дүйнөӊдү өзгөртүп, өзүӊө кандай башкаруу жагат, коншуларын менен жыйынтыкка кел да, 10-январда жандүйнөӊ менен добуш бер. Бул 1-этап. Анан экинчи этап башталат, ал башкаруунун эл тандаган түрүнө жараша жаӊы Конституция жазылышына жана кабыл алынышына тикеден тике туруу. Элибиз кайсы гана башкаруу системасын тандабасын, мисалы, президент болгон Садыр Жапаров Бакиевден, Атамбаевден өткөн диктатор болбошу үчүн, же Жогорку Кеӊеш азыркы Жогорку Кеӊешке окшоп «Ч» же партиялык-мафиялык парламент болбошу үчүн, ошол жаӊы Конституцияда президенттер өздөрү же парламент аркылуу бийликти каалагандай узурпация кылууга тыюу салган жоболор киргизилиши керек!Мисалы, референдум жолу менен Конституцияны президент да, Жогорку Кеӊеш да өзгөртө албай турган, ар жыл сайын элдик курултай аркылуу президент, Жогорку Кеӊеш элге милдеттүү отчет берип, саясый баа алып туруусу жөнүндө, мамлекеттик бийликтин үч бутакка так бөлүштүрүлүшү жана өз алдынчалыгы жөнүндө, президент болгон адам аткаруу бийлигин гана башкарышы, Конституцияны жана мыйзамдарды президенттин так аткарышы, эгерде мыйзам же Конституцияны бузгандыгы боюнча, жарандардын жеке арызы аркылуу сот алдында жоопкерчилиги ж.б тууралуу. Эгерде элибиздин көпчүлүгү парламенттик башкарууну тандаса, анда президентти жалпы эл шайлабашы керек, аны парламенттин депутаттары кайсы бир курултайдын делегаттары менен бирге шайлаш керек. Эмне дегенде, жалпы Кыргызстандын атынан бир эле бийлик: же Президент же Жогорку Кеӊеш чыгышы, бир мамлекетте жалпы элдин атынан аракеттенген бир жогорку бийлик болушу милдет. Президент мисалы Германиянын президентиндей символдуу мамлекет башчысы болот. Бүт аткаруу бийлиги Жогорку Кеӊеш шайлаган Өкмөт башчыга өтөт. Жогорку Кеӊеш да, президент сыяктуу эле, ар жылдык иши боюнча элдик курултай аркылуу элге отчет берүүгө милдеттүүлүгү баш мыйзамда так көрсөтүлүшү зарыл. Анткени биз 1990-жылы эгемендүүлүк жөнүндөгү Декларациябызды жарыялаганда, Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси, мамлекеттик бийликтин бирден бир булагы деп дүйнө жүзүнө жарыялаганбыз. Ошол бийликтин, эгемендиктин ээси болгон жалпы элибиз,эмне үчүн өзү шайлаган президент менен Жогорку Кеӊештин ар жыл сайын аткарган ишинин отчетун укса болбойт? Элдик курултай институту 2010-жылы кабыл алынган азыркы Конституциянын 52- б аркылуу жарандардын укугу катары киргизилген. Бирок 10 жыл бою үч президент (Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков) эки чакырылыштагы парламент (5чи жана 6чы) анын Конституция деӊгээлинде кабыл алынсын деген мыйзамын кабыл албай келишти. Себеби жарандар мамлекеттик жана коомдук өзгөчө мааниси бар, президенттер менен Жогорку Кеӊештин кээ бир аракеттери менен чечимдерин, Кумтөр, Жерүй сыяктуу маселелерди элдик курултайда каралышынан жана өздөрүнө баа берилишинен коркушту. Элдик курултай институту бир дагы мамлекеттик бийликке кирбеген, аралашпаган, элдик бийликти жүзөгө ашыруучу шайлоо, референдум сыяктуу эле,  жалпы мамлекетке жана коомго тиешеси бар өзгөчө маанилүү маселелер угулуучу, элдик бийликтин үстөмдүгүн көрсөткөн коомдук-саясый институт болушу милдет. Кыргызстанда элдик курултай институту толук ишке киргенде бийлик менен элдин ажырымы азайат, өз ара ишеними артылат. Жогорку Кеӊеш партиялык жабык тизме менен түзүлбө, эл өзү түз, тике тандаган депутаттардан түзүлүп, партиялык өкүлчүлүктүү табиятынан,эл өкүлчүлүктүү табиятына кайра келгенде гана, өлкөбүздүн саясый системасы толук өзгөргөн болот.

Урматтуу кыргыз калкым!

Ага чейин кайдыгерлик болбосун! "Садыр президент болсо болду" деп басып кетсек, анын айланасын Бакиев менен Атамбаевдин айланасын: бир туугандары, балдары, шоопур, катчылары ээлегендей эле, анын өзүнүн жакындары менен отко түшсө күйбөгөн, сууга түшсө чөкпөгөн ар замандын «саясый сойкулары» ээлейт. Биз азыр колдоп жаткан Садыр Жапаров мурдагы президенттердей болуп кантип Ак үйдөгү «дракон» болуп калганын өзү да билбей калат! Ошондо аттиӊ дебейли, туугандар!

Урматым менен Азимбек БЕКНАЗАРОВ

Булак: NazarNews.kg

Последние новости