www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азимбек Бекназаров азырынча президент Сооронбай Жээнбеков менен жолуугуга шашылган жок. Бул тууралуу ал басма сөз жыйынында билдирди.
Азимбек Бекназаровдун айтымында, Сооронбай Жээнбековдун аппаратынан бир нече ирет аны президент менен жолугушууга чакырган.
“Бирок, мен президент менен акыркы кездешүүмдө, аны менен бир гана конституциялык реформаны гана талкууларымды айткам. Ошондуктан, биздин жолугушуубузда конституциялык кеңешти түзүү темасында болушу ыктымал. Башка маселе туурасында ага жолуккум келбейт”, - деп айтты ал.
Азимбек Бекназаров белгилегендей, ага президент конституциялык реформаны күзгө чейин чечип берүүгө сөз берген.
Булак:NazarNews.kg