www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Акжол Махмудовдун атаандаштары белгилүү болду. Балбандардын тизмесин Дүйнөлүк күрөш уюму жарыялады.

Азия оюндарынын алкагында күрөш боюнча таймаштар 4-7-октябрда болуп өтөт. Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер олимпиадалак салмак категориясы боюнча өткөрүлөт: грек-рим күрөшү – 60, 67, 77, 87, 97, 130 кг, эркин күрөш – 57, 65, 74, 86, 96, 125 кг жана кыз-келиндер күрөшү – 50, 53, 57, 62, 68, 76 кг.

Махмудов күрөшкөн 77 кг салмакта жалпы 12 спортчу күч сынашат. Акжол Махмудов 4-октябрда килем үстүнө чыгат. Азырынча ал биринчи беттешинде ким менен күрөшө турган белгилүү боло элек.

77 кг салмактагы балбандар:

  • Сопхак Кео (Камбожа)
  • Руй Лю (Кытай)
  • Викас (Индия)
  • Андика Сулаеман (Индонезия)
  • Амин Кавиянинежад (Иран)
  • Кодай Сакураба (Япония)
  • Азат Садыков (Казакстан)
  • Акжол Махмудов (Кыргызстан)
  • Бахит Бадр (Катар)
  • Хёну Ким (Түндүк Корея)
  • Висит Тамвират (Таиланд)
  • Дилшод Омонгелдиев (Өзбекстан)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости