www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте мурдагы мугалим алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМ билдирет.

Маалыматка ылайык, быйыл август айында Бишкек шаарынын тургуну милицияга кайрылып, анын унаасын алдоо жолу менен ээлеп алган чала тааныш адамга чара көрүүнү суранган.

Маалым болгондой, ал июлда ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен аз убакыт ичинде төлөп берүүнү убадалап, 20 миң долларлык "Киа Спортейдж" унаасын алган. Бирок шектүү унааны үчүнчү жактарга (айрым маалыматтарда 16 миң долларга) кайра сатып, изин жашырып кеткени белгилүү болгон.

Аталган факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүүнүн натыйжасында мурдагы мугалим Б.Б. Бишкектен кармалып, соттун чечими менен эки айга камакка алынды.

"Учурда мыйзамсыз аракеттерге катышкан башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда. Кармалган адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө. Жабыркагандарды 0 700 - 171 - 732, 0 555 - 011 - 717 телефон номурлары аркылуу кайрылууну суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости