www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда Германияда алгачкы Борбор Азия-Германия саммити өтүп жатат. Бул иш чарага Борбордук Азиянын өлкө башчылары катышууда. Жыйынга катышуу үчүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дагы Берлинге барды.

Борбордук Азия өлкөлөрүн Россияга каршы коюу максатында Америка башында турган Батыш өлкөлөрү биринин артынан бири саммит өткөрүп жатышат. Буга дейре Борбор Азия – Америка деген саммит жакында эле Вашингтондо өткөн. Эми болсо Европа мамлекеттеринин лидери саналган Германияда болуп жатат. Мынтип Борбор Азия өлкөлөрүн Америка менен Батыштын бооруна тартуу аракетинин артында Россиядан алыстатып, дипломатиялык мамилелерге доо кетирип, от жагуу кызыкчылыгы кашкайып көрүнүп турат десек жарашат. 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 28-сентябрда Германияга расмий сапар менен барып, Россияга карата жыландын башын кылтыйтып Астана Батыштын Россияга каршы санкцияларын "аткарат" деген өңүттө билдирүү жасаганынан баамадаса болот. 

Тактап айтканда, Токаев Берлинде Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолуккандан кийинки биргелешкен маалымат жыйында: "Казакстан Батыштын Россияга каршы санкцияларын сактайт. Биз санкциялык режимди сактоо үчүн бардык тиешелүү уюмдар менен байланыштабыз", - деди.

Мына ушунун өзү эле Москванын безине тийген жагымсыз ишараттын коңгуроосу. Токаевдин бул билдирүүсүндө Россия менен болгон алаканы суута турган чоң саясат жатат. Буга эми Кремль кандай жооп кайтарат айтуу кыйын. Себеби Астана от менен ойной баштады.

Кызыгы, дал ушул Касым-Жомарт Токаев Каңтар окуясында тактан ыргып кетээринде, Россиянын президенти Владимир Путин ЖККУнун аскерлерин киргизип, абалды турукташтырып сактап калган эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости