www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын үч дарыгери ИИмдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Булар кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча камалганын ЖАМКдан билдиришкен.
Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулаймановдун айтымында, алар менен Борбордун өкүлдөрү сүйлөшүп чыгышкан. Алар ЖАМКтын азыркы жана мурда иштеген дарыгерлери. Бүгүн алардын бөгөт чарасы каралалат.
ИИМ бул боюнча маалымат берген жок.
Буга чейин Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында «ага ак кан илдетинен жабыркайт деген аныктама (справка) берди» деген айып менен онколог Эмил Макимбетов камакка алынып, иши ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Ошентип, чабактар тутулуп, киттер кутулуп жаткан мезгил. Себеби, буйрук бергендердин аты аталмак турсун жыты да келе элек.
Булак: NazarNews.kg