www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алка-башкарылуучу энергия курал системасы алгач ирет Стамбулдагы 14-Эл аралык Коргонуу өнөр жайынын жарманкесинде (IDEF'19) таанытылды. Бул тууралуу TRT сайты жазып чыкты.

Түркия, акыркы мезгилдеги террордук кол салууларында көп колдонулган жарылуучу зат жүктөлгөн учкучсуз учуучу аппараттарды жана колго жасалган жарылуучу заттарды зыянсыздаштыруу үчүн дүйнөдө болушунча жаңылануусу болгон башкарылуучу энергия курал системасы Алканы өнүктүрүп чыгарды.

Түркиянын ракета чыгаруу жаатында лидер фирмасы ROKETSAN, Алка башкарылуучу энергия курал системасын (YESS) алгач ирет Стамбулдагы 14-Эл аралык Коргонуу өнөр жайынын жарманкесинде (IDEF'19) таанытты.

Алка, алгач ирет бөлүшүлгөн сыноо видеолорунда колго жасалган жарылуучу зат, коопсуздукту бузуучу дрон, ок-дары ташыган дрон, чалгынчы дрон, үйүрлүү дрон кол салуусу сыяктуу коркунучтарды ийгиликтүү жок кылды.

Алкада бир убакта лазердик талкалоочу система жана электромагниттик чабыштыруу системасы бар.

Бул аркылуу дрон, туруктуу канаттуу модель учактар сыяктуу террордук кыймылдарда колдонулган аппараттарга каршы туруштук берүүчү абдан таасирдүү система болду. Бир эле убакта колго жасалган жарылуучу заттардын алыстан зыянсыздаштырылышын камсыздайт. Буталарын кылдат ээрчип, үстүндөгү радар жана электрооптикалык системалар менен бирден көп бутанын бир убакта байкалышын ишке ашырат жана талкаланышын камсыздайт.   

Булак:NazarNews.kg

Последние новости