www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ:  Алкымы чоңдорду бучкактаган ким?

«Сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпейт»-дегендей Бекболот мырза сынынан кете элек.Бүгүнкү күнгө чейин дүйнөлүк саясатчылар Владимир Путин, Касымжомарт Токаев, Шафкат Мирзияев сыяктуу инсандардын агрардык маселелерди талкуулоодо Бекболот Талгарбековдун пикирин баалап жүрүшкөнү бекеринен эмес. Саясатты мамлекет башчысы жалгыз жаратпайт. Саясатта айланчыктап жүргөн «мозгилер» (Бекболот Талгарбеков)  жана «алкымдар» (Акылбек Жапаров) болот. Совет мамлекетинин учурунда Фрунзенин негизги завод-фабрикаларын бүт орус тилдүүлөр ээлеп алган. Кыргыз дегенде ичкен ашын жерге койгон Бекболот Талгарбеков аспирантурадагы иши менен Акаевдин көзүнө чалдыгат. Аспирантураны калчаган кычыраган жапжаш жигитке Акаев бекеринен көз салган эмес, келечектеги Кыргызстандын агрардык маселелерди чече турган жетекчилигине даярдап жаткан.

 Масалиевдин ээри  кыйшая баштаганда эл Акаев президент болот деп калган. Кечээ эле завкафедра болуп, Масалиевдин колдоосу менен БКга «завотдел», андан соң Илимдер академиясына келип, ал жердегилерге «чайпалтып» турган Акаев СССР Жогорку Советке депутат болуп турган. Ал жерде Айтматов да депутат эле.  Айтматов ага бериле турган Нобель сыйлыгын Горбачевго берип, өзү СССРдин президентинин кеңешчисине дайындалат. Айтматов Акаевдин президент болушун туура көрөт.Көрсө, Масалиевге ор казып, ордун аңдып аткан экен.

Айтматов ЖКдагы өз кишилерин Масалиевге каршы тукуруп, аны жыгыш үчүн аркалык Апас Жумагулов менен Жумгалбек Аманбаевди каршы чыгарып, жыгат. Эл башка бирөөнүн келишин каалап турган. Акаев ЖКны бүт сатып алып, президент болуп келип, Талгарбеков сыяктуу жаштардын иштешине шарт түзүп берет. Эгерде Талгарбековдун агрардык реформасына биротоло киргенде азыр майкөл-сүткөлдө жашап атмакпыз. Бекболот Талгарбеков бийликтегилерди бутунан тургузуп «пивнушкада» отурган кочкорлук  үкасы Акылбек Жапаровду мурдунан жетелеп бийликке алып келген. Ал эми Сапар Исаковду Аликбек Жекшенкулов деген иниси алып келген.

 Бекболот Талгарбековду Акаев эң оор тармакка иштетип турду. Жалал-Абадка  жиберди эле, Жалал-Абадды  оңдоп келди. Дефолтко кабылган айыл чарбасын баткактан сууруп чыгуу үчүн, издетпей таптырган Бекболот Талгарбеков  кыргыз айыл чарбасын дефолттон сүйрөп чыгып, экономиканы көтөрө алды. Анын кадыр-баркы Акаевдикине тете болуп калган. Акаев Бекболот Талгарбековду айыл чарбасы боюнча вице-премьер кылып өлкөнүн экономикасын түзүк жолго салат. Бекболот Талгарбеков  Атамбаевдик  бийлик менен талбай күрөштү, ал элдик парламентке активдүү катышып,элдик курултайларды уюштуруп, көп эмгек сиңирди. Элдик парламенттин айынан бекер жеринен кесилип да жеңди.келди. Жээнбеков алдыны көрө билип эң тажырыйбалуу, саясий интригага аралашпаган Бекболот Талгарбековду камактиан бошотуп, актап чыкты.  Бекболот Талгарбеков   саясий интригаларга аралашпай эң таза жүрүп, Мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылып жүргөн. Капыстан жаңы бийлик эгеси менен кайым айтыша кетип акыры акыры Талгарбеков жеңди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости