www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чоң Чүй каналына  34 жаштагы жаран түшүп кетти

 Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 34 жаштагы жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-январда Жибек-Жолу менен Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде Чоң Чүй каналында 1989-жылы туулган А.К. аттуу эркек адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан келип түшүп, чыгарып берүүнү суранган.

Жерине Токмок шаардык №21 ӨКБдан 5 куткаруучу, Суучулдар кызматынан 6 суучул, Бишкек шаардык "Куткаруу кызматынан" 5 куткаруучу, Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 3 куткаруучу, жалпы 19 куткаруучу тартылып, издөө иштерин жүргүзүшүп, убактылуу токтотулуп, натыйжа болгон эмес. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости