www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев парламенттин төмөнкү палатасы – мажилисти таратып, мөөнөтүнөн мурун шайлоону 19-мартка белгиледи. Тиешелүү буйрук Акордонун сайтына жарыяланды.

19-январда күчүнө кирген буйрукка ылайык, бардык деңгээлдеги жергиликтүү кеңештердин – маслихаттардын да ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурун токтотулду.

Бейшембиде президент Токаев Астанада парламенттин эки палатасынын жана өкмөттүн жетекчилери менен жолугуп, эрте шайлоо өткөрүүнү талкуулады. Коңшу өлкөнүн жаңы мыйзамдарына ылайык, мажилистин депутататтырынын 70% партиялык тизме менен, калганы 30% бир мандаттуу округдардан шайланат. Мажилисте 107 эл өкүлү бар.

Облустук жана республикалык маанидеги шаардык кеңештердин депутаттарынын 50% саясий партиялардан, 50% бир мандаттуу округдардан келет. Райондук жана облустук маанидеги шаарларда талапкерлер бир мандаттуу округдардан аттанат.

Казакстанды чейрек кылымдан ашуун бийлеген Нурсултан Назарбаевдин "Нур Отан" партиясы ондогон жыл бою шайлоодон утуп чыгып, коңшу өлкөнүн саясатында үстөмдүк кылган башкаруучу күч болчу. Былтыркы кандуу январь окуяларынан кийин саясий кеңеш өзгөрүп, экс-президенттин жакындары жаңы курамга киргизилген эмес.

Эске салсак, Токаев 2022-жылдын ноябрындагы президенттик шайлоодо 82,45% добуш менен жеңип чыккандан кийин өлкөнүн экономикасында фундаменталдуу реформаларды жүргүзүүгө убада берген. Ал ошондой эле конституциялык реформага токтолуп, Казакстан саясий түзүлүштүн жаңы формасына өтүп жатканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости