www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күз оор болуп турат, Жапаровду жандап шоколад жегендер үчүн эмес, көпчүлүк үчүн күзүндө «Ак төөнүн карды жарылып» калчу. Быйыл андай эмес, алма жок, өрүк жок, жаңгак жок, бары жок аңгырап. Үйгө барсак свет жок, көп күттүрүп күйдү. Эми кышында свет элди ыйлатат, Кара-Кеченин көмүрү жок болот. Арзан кыргыз көмүрүн жага албайсың, электр менен жылыта албайсың... «Кайда барсаң Мамайдын көрү» Кабмин төрагасы Акылбек Жапаров ээрчитип жүргөн жердеши Энергетика министри Таалайбек Ибраев бирде бээ десе, бирде төө деп алапайын таппай калды. Кыргыздын көмүрүн алып да жагууга болбойт, электр менен жылытсаң балээге каласың. Ош, Бишкектин газы асамандын башы. Алардын шалаакы, жоопкерчиликсиз мамилеси өлкөнү караңгылыктын кучагында калтыра турган болду.

Мына бир туруп свет өчөт дейт да, бир туруп өчпөйт дейт. Бир туруп 5 кВтс чектөө киргизип жатабыз, лимиттен ашса өчүрөбүз деп оттойт. Айтор, абал оор экенин, кышында электр энергиясына болгон кризистен чыгууга жол жоктугун мойнуна алыптыр. Кабмин төрагасы Акылбек Жапаров дагы 3 жылга чейин свет көйгөйү болоорун ачык айтып кайрылуу жасады. 

Булар буга чейин кенебей отуруп, качан туңгуюкка кептелгенде, башка эч кандай арга, жол калбай калганда элге абалды айла жок ачык айтууга туура келди көрүнөт. Сыягы, быйылкы 3,5 миллиард кВтсаат электр тартыштыгын жабуу үчүн Орусия менен Түркмөнстандан алуу маселеси чечилбей карайлап жатышат өңдөнөт. Өткөндө баасы боюнча келише албай жатабыз деген коңгуроо кагып кулактандыруу кылып жатышканында маселе бар болчу. Эгер, кокус сырттан экспорттоп келе турган электр энергиясын, кайсы бир себептерден улам алалбай калсак өлкөдө абал эмне болот? Ошондо даана бүтүндөй республика бери жагы 10 сааттап жарыксыз калат. 

Анда эле Бишкек ТЭЦине күч келип, кышында баягыдай болуп авария болсо, (анын жүзүн ары кылсын) элдин накта шору кайнайт го. Жылуулук жок, же свет жок болсо, элдин көргөн күнү кандай болот? Бийлик ушул нюанстардын баарын эсепке алып, кыштан элди аман-эсен тоңдурбай алып чыгуунун жолдорун издебесе кыйын болчудай. Кылычын сүйрөп кыш келгенде кеч болуп калат. Азыртадан элге кандай аракет көрүш керек жашырбастан ачык айтып, ачык-айкын иш алып баруу милдет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости