www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ливияда сел курмандыктары 20 миңге жетиши мүмкүн

Ливияда селде курман болгондордун саны 18-20 миңге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Дерна шаарынын мэри Абдулменам ал Гайти билдирди.

Калаа башчысы мындай божомолду сел жууп кеткен жерлердин масштабына салыштырып айтканын Reuters агенттиги 14-сентябрда жазды.

Ал эми AP агенттиги Ливия өкмөтүнө таянуу менен 5500 адамдын өлүмү тастыкталганын, дагы 9000 чамалуу киши дайынсыз экенин билдирди.

7-сентябрда башталган нөшөр, ага кошумча 10-сентябрга караган түнү Жер Ортолук деңизи тараптан каптаган "Дэниел" бороонунан Ливиянын чыгышы өзгөчө жабыркады. Күбөлөрдүн белгилешинче, суунун агымы эки дамбаны бузуп кеткен. Табият кырсыгы 125 миң калкы бар Дерна шаарынын төрттөн бир бөлүгүн жарактан чыгарды.

Египет, Алжир, Палестина, Түркия, Кувейт, Катар, Италия жана АКШ Ливияга материалдык-каржылык жардам көрсөтүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости