www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан парламентинин сенатынын жыйынында депутат Кайрат Тастекеев телеканалдарда чет элдик контент басымдуулук кылып жатканына нааразылыгын билдирди.

Ал вице-премьер-министр Тамара Дүйсеновага жолдогон кайрылуусунда чет элдик сериалдардын санын чектөөнү сунуштады.

Депутат телекөрсөтүүдө чет элдик контенттин ашыкча болушу калктын улуттук-маданий өзгөчөлүгүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтты. Эл өкүлү чет элдик контентти сатып алууга бөлүнгөн акчаны казак киносун өнүктүрүүгө багыттоону сунуштады.

Ал телекөрсөтүүдөгү чет элдик контентке тыюу салуу жана чектөө боюнча эл аралык тажрыйбага көңүл бурууга жана мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүүгө чакырды.

Кыргызстанда да Орусиянын “Биринчи канал” жана РТР телеканалдарына байланыштуу маселе утур-утур көтөрүлүп турат. 2022-жылы март айында Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты, ушул тапта төрага болуп турган Нурланбек Шакиев Орусиянын эки каналына бюджеттен акча төлөөнү токтотууга чакырган.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости