www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сыйлык десе жүгүргөн, чындык десе бүгүлгөн Садык Шер-Нияз

Белгилүү публицист, жазуучу Олжобай Шакир камакта отурат. Аны менен бир кезде, ашы бирге жоролош, койу бирге короолош болгон чыгармачыл адамдар акыйкат сөзүн айтканга жарашкан жок. Айрымдар гана социалдык тармакта Олжобай Шакирдин өзүн айыптап, ошол эле кезде бийликке каап, камап кадырын көтөрүүгө себеп жок эле деген өңдүү чаргыткан пикирлерин жазды. 

Эң негизгиси, чыгармачыл жаатта ага-ини, курдаш, санаалаш болгон Кыргызстандын Франциядагы ыйгарым укуктуу элчиси Садык Шер-Нияз билмексен болуп, эки ооз калыс пикирин айтпай, үн катпай койгону болду. Коомчулук эң кур дегенде Садык мырза чыгармачыл инсандарды камоо акыйкатсыз, туура эмес экенин айтып президентке жеткирсе керек дешкен. 

Мына Садык Шер-Нияз Франциядан президенттин колунан сыйлык алам деп учуп келди. Сыйлык алганда Олжобай Шакир тууралуу бир ооз президентке акыйкатты айта турчу жерде, билмексен болуп койду. 

Анан аны сыйлыгын жууп, бир короо кошоматчылар жүрүштү. Ошончо чогулган соң, Олжобай Шакир тууралуу билдирүү жасаганга жарашпады. Садык Шер-Нияз чындап Олжобай Шакирге күйсө, котолоп кошомат айтып жүргөн жанындагы тегеректеген акын-жазуучу, төкмө, манасчыларга  келгиле бийликке кайрылуу жасап абактан бошотуп алалы" демек.  Аттиң, күн карама маданият өкүлдөрү...

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости