www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

4-көрүнүш:  

Саахов: Бул кайсы сулуу кыз?

Шопур: Менин жакын тууганым болот. 

 Саахов: Мен бул кызды аялдыкы алгым келет.

Шопур:   Анда баасын айтыңыз...

Саахов: - Бул сулуу үчүн, мен сага 20 мүшөк ун берем...

Шопур:    25...

Саахов:  Аңды-дөңдү карабай сүйлөйт экенсиң. Сен мамлекеттеги саясый кырдаалды түшүнбөйсүңбү? Азыр ун кымбаттап атпайбы, бардыгы министрлердей жыргап атат деп ойлойсуңбу? 25 штук! Кыргыз мамлекети 4 миллиард доллар карыз болуп турса...

Шопур:  Сен мамлекеттин чөнтөгү менен өз чөнтөгүңдү алмаштырып алба!

Саахов: 20 мүшөк ун жана бир муздаткыч!

Шопур:    Мейли, демек мындай, Нинаны ала турган да мен, Нинаны бере турган да мен макул, ал эми Нина өзүчү?

Саахов: - Биз жаштарды жаман тарбиялап атабыз.

Шопур:  Нинадан ким сурап атыптыр, биз макулдашсак болду да. Нинаны ала качабыз. Мен ала кача турган жигиттерди таап берем.

Саахов: Ала качкандар менин кол алдымдагылардан болсун.

Шопур:   Алардын ичинде сиздин убакта чоң кызматта иштегендер бар.Тосмолордон мыкты секирген жигиттер бар. Жапаровдун саясатын  колдогондорду бириктирип, бир муштум кылып бийликти ала турган учур келди ...

Администратор: Эгемен Өзбекстандын айыл жеринде кандай процесстер жүрдү?

Шурик:  Ал боюнча да менин пикиримди сурашты. Ачык айтып бердим. Дегеле дүйнөлүк айыл тагдыр, тарыхына көз чаптырсак, анда эки жолду көрүүгө болот. Биринчиси: зордуктоо, кыстоо, мажбурлоо жолу менен дыйкандарды иштетүү.

Бул жолдо алгачкысы кулчулук болгон (зордуктоо). Андан соң, мисалы, Орусиядагы помещиктердин дыйкандарды кыстап иштетүүсү. Кийин советтик колхоз-совхоз, социалисттик лагердеги госхоздордогу айыл калкын мажбурлап иштетүү.

Экинчи жол: менчикке ээ айыл калкынын эркин чарбачылыгы. Бул жолдо АКШ, Батыш Европа, Япония сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдүн дыйкандары 100-150 жылдан бери жашап-иштеп келишет. Соңку жарым кылымда бул жолго Кытай, Вьетнам, Чыгыш Европа жана постсоветтик алты өлкө түшүштү.

Ал эми Өзбекстан биринчи жолдон алиге чейин чыга элек. Бул өлкө алтын кендерин иштетүүдөн жана газ байлыгын сатуудан түшкөн мол кирешесинин эсебинен айыл чарбасын тынымсыз дотациялап келет.

Ошондой эле карапайым өзбек дыйкандарын мажбурлап иштетип, мисалы, пахта өндүрүүдөн мамлекет жылыга беш миллиард доллар киреше табат. Эгемен Өзбекстандын айыл калкы өткөн отуз эки жыл аралыгында жакырчылыкта, ачарчылык чегинде жашап келүүдө.

Мен өзүм 1997-98-жылдары Жалал-Абад облусунда губернатор болуп иштегем. Алыскы райондорго чыкканда өзбек айылдарын аралап өтчүмүн. Бир да жаңы салынган там көрүүгө болбойт эле. Ошол эле учурда биздин Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда жаңы тамдардан көчөлөр пайда боло баштаган.

Өзбектин айылдарындагы адамдар кыргыздардын талааларында болор-болбос акыга иштеп (пахта терип ж.б.) жан багышчу. Ошондой эле түн ичинде колхоз-совхоздордун үрөн, тетик жер семирткичтерин өздөрү ташып келишип, кыргыздын эркин дыйкандарына текейден арзан баага сатышчу.

Менин болжол эсебимде, Ислам Каримов чек араны жапканга чейин кыргыз дыйкандары өзбек колхоз-совхоздорунан он миллиард долларлык айыл чарба каражаттарын бекер алышкан.

 

«Кавказ туткуну» фильминин кыргызча варианты

ФБда сатиралык сериал

  • Шурик – Бекболот Талгарбеков, Кыргызстандын экс-вице-премьери;
  • Саахов –Акылбек Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы;
  • Шопур –Туманбаев, Атамбаевдин шопур болгон Илмияновдун шопуру, Президенттин Иш Башкармалыгынын жетекчиси;
  • Никулин  - Касымалиев, минкаб жетекчисинин 1 чи орунбасары;
  • Моргунов – Төрөбаев, минкаб жетекчисинин орунбасары;
  • Вицин –Эдил Байсалов, минкаб жетекчисинин орунбасары;
  • Нина – Гүлнара-Клара Самат, Орусиядагы элчи;
  • Отелди тейлөөчү –айыл чарба министри.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости