www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шамен болгон дасмиясын көтөртүп, хандын жигиттери менен келет. Шаменди көрүп, бир нерсенин сырын сезген Сарт аке оң колдун үч манжасынын учун гана чала-була жууп, колун дасторконго сүртүп, бычакты колго албай, табакта жаткан учаны оң колдун чыпалагы менен бармак аркылуу бир гана тал этти сууруп алып, ооз тиет да:

- Тарт сарбагыш, этиңди! –деп чыпчыргасын коротпой кайра көтөртүп ийет.

Илгери манаптардын сөзү эки болчу эмес, Сарт аке катуу буйрук бергенден кийин, Ормондун жигиттери үн катпастан, сөздү эки кылбай, табактарды кайра көтөрүп кетет. Ошондо Сарт аке менен кошо келген жигит картадан бир жегенге үлгүрүп калыптыр. Өрүктөй болгон тайдын эти таңдайына мейиз татый түшсө керек, өкүнүп:

- Кап, аке, бир аз койо туруп жөнөтсөңүз болмок. Кысыр эмди бээнин сүтүн ээмп турган тай экен, картасы тим эле бышып турган бал өрүк тура. Тойо жебей өкүттө калбадымбы. –дейт. Анда, Сарт аке:

- Эй, бечара, ал эт чоң сыр менен келген. Эгерде экөөбүз аны тойо жебей эле, бөрү тоют болгонубузда деле башыбыз алынмак. Ал этти Ормон бизди сынамакка, биздин өлүмүбүзгө жиберген, – деп түшүндүрүп берет.

Шамен Ормонго келген соң Сарт акенин жасаганын төкпөй-чачпай айтып берет: “Сарт аке чын эле олуя экен, ал этти жебей, бир үзүм ооз тийип эле, артты көздөй тарттырып жиберди. Эми жеңилгенибизди моюнга алып, ага сый көрсөтпөсөк болбой калды” – дейт. Эртеси Ормон хан дагы бир тай сойдуруп, тайдын этин чыпчыргасын коротпой көтөртүп, Шаменди ээрчитип жеңилгенин мойнуна алып келет. Жылуу саламдашып аркы – беркини жайбаракат  кеп салышып отуруп, тамак жеп бүтөр мезгилде Шамен Сарт акенин баягы кебинин аягына чыгып коюусун сурайт. Сарт аке Ормон хандын көңүлү жай экенин, ич кегинин таркаганын байкап:

- Урматтуу хан. Көйкап – адам сейрек из таштаган, тоо арасындагы алакандай жер. Жер көп болсо илбээсин көп. Суур чээнге киргенче, ал жердеги жырткычтарга той түшөт. Сиз бир апта бизди кабарсыз таштаганыңызга бир аз кападар болуп,  чекилирээк айтып койдум эле. Ал үчүн адилеттүү хан сизден кечирим сурайм. Хандын улуу даражалуулугу, ишинин кудайга жаккандыгы мына ушул кең пейилдигинде, кечиримдүүлүгүндө. Бугу менен сарбагыш  экөө бир тууган, бир Кылжырдын тукуму. Эки бир тууган сары майдай таттуу болгону дурус эмеспи. Эл арасындагы жикти хан бириктирет. Ырыс –ынтымакты хан баштайт.

Кептин чынын айтканда, көлдүн башында алакандай жерге баткан бугуга көрсөтпөгөнүңүз калган жок. Ууру кылып жүргөн Чагалдактын куну үчүн бугуга эмнени көрсөтпөдүңүз? Ар бир иштен кыйкым таап, жазалап отуруп не муратка жеттиңиз? Эми ханым, жаңыдан бой көтөрүп келаткан Балбайды бейкүнөө туткундап отурасыз. Ал деле сиздин жатыңыз эмес, Балбай экөөңүз таяке–жээн эмессизби? Сиз Балбайдын таякеси, пири болосуз. Балбайды эл–журту күтүп жатат, эркиндик бериңиз. Биз ушул максат менен алдыңызга келип отурабыз, - дейт.

Шамен да Сарт акени колдоп, Балбайдын бошотулушун каалап сөз айтат. Сарт акеге ыраазы болуп отурган Ормон:

- Сарт баатыр, эки аптадан бери отурасыздар, эми дагы бир апта күтүңүздөр. Балбай бошотулат. –дейт.

Иш оңунан чыккан соң бир апта күтүү да кеп бекен, Сарт аке ыраазычылыгын билдирет. Көрсө, Ормондун бир апта күткүлө дегенинде кеп бар экен. Ал жаш кезинен Балбайдын жүрөгүн калтырам деп, зынданга салып, өтүк кийгизип, суусундукка деп, көгөндүн кирин чылап берип, алын кетирем деп, күн тийбес сызга бактырып жүргөн экен. Ошол тапта Балбайдын кызылы өчүп, арыктап турган кези экен.

Шамен Сарт акелер Балбайга келгенин сезип, Ормон ханга Балбайды зындандан чыгарып, жакшылап багуусуна кеңеш берет. Сарт акелерге билгизбей, жууп тазалап, айдарым жел соккон жерге алып чыгып, күчтүү тамак –берип, өңүнө кызыл чуркатып турган убак экен. Бул жакка келер алдында Ормон хан Балбайдан кабар алып, дагы бир аптадан соң өзүнө келерин уккан экен.

Убадалашкан мөөнөт жеткен күнү Ормон хан өргөөсүнө казан астырып, меймандарды алдырат. Тамак –аш желип бүткөн соң, Балбайды чакыртат. Балбай баатыр эшиги түрүлүү турган өргөөнүн босогосун аттап кирип, отургандарга салам айтып, ирегеге сыңар тизелеп отурат. Сарт аке Балбай баатырга көз чаптырса, анча деле жүдөңкү эмес. Жол-жарагы менен, татынакай кийинип алган.

Балбай баатырга суусундук деп чоң сыр аякка толтура кымыз куюп сунса, ал эч кимге назар салбай, тынбастан тартып жиберип, сыр аякты тегеретип таштап койот. Бардык сөз да, сый да аяктап, дасторконго бата тиленет. Босогодо турган Балбай баатыр үн–сөзгө келбей, эшикке биринчи атып чыгып баратып, жер босогону кемире басып өтүп, түз эле күн мурун камдап койгон, жасалгалуу атын өзү чечип минет да, артын карабай бастырып кетет.

Мунун барын кылдаат байкап турган Шамен Сарт акелердин карааны үзүлгүчө карап турса, Балбай баатыр артын бир кылчайып карабай кетет. Шамен ак өргөөгө кирип Ормонго:

- Балбайдын жүрөгүнүн үшүн алабыз деп, чеки иш кылган жокпузбу? Сиз сөзгө алагды болуп байкоо салбадыңыз. Балбайдын ичинде катуу кек кетти, кымызды ачуусу менен тынбай ичип, сыр аякты тегеретип таштады, чыгып баратып бийик такалуу өтүгүнүн такасы менен жер босогону кемире басып кетти. Ат байлаган мамыга чейин атайын такасын ура басып, жерди оюп кетти. Эч кимге карабай аттанып, кош деп үн катпай, карааны үзүлгөнчө артына бир кылчайбай кетти. Эмнеси болсо да кек менен кетти, - деген экен.

Шамен Ормон хандын ажалы Балбай баатырдан болорун ошондо эле сезген тура.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

Последние новости