www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каримов Назарбаев менен Борбор Азиянын биринчилигин талашчу. Акаевди теңине алчу эмес,ага караганда Жалал-Абаддын губернатору Бекмамат Осмоновду өйдө көрчү. Эмомали Рахмонду шакаба чегип, сөөмөйүн кесеп Бухара менен Самаркан үчүн жакалаша кеткен учурлары болгон. Назарбаев араң ажыраштырчу.Каримов ашыналары менен өз алдынча мамиле жасаган. Атамбаев жазган: «Каримов өлгөндө чек ара чечилет» деп. Ошондой болду, эми гана чек ара чечилмек болду.

 Каримовдун өмүрү, анын келип чыгыш теги жөөт экендиги жөнүндө көп айтылат. Ислам Абдуганиевич Каримов 1938-жылы 30-январда Самаркандда жумушчу үй-бүлөсүндө дүйнөгө келди. Анын атасы ирандык болуп, аты Абдугани, энеси болсо тажик улутуна таандык, аты Санабар эле. Алар Самарканддагы айыл чарба продукцияларын даярдоочу конторада иштешер эле. Ислам Каримов туулган убакта 1938-жылы январь айында анын атасы камакта, жаза мөөнөтүнүн үчүнчү жылын өтөп жаткан эле. Абдуганы Каримов «социалистик мүлктү уурдаган» деп айыпталып, беш жылга 1936-жылдан 1941-жылга чейин камак жазасына өкүм кылынган эле. Бул маалыматтар ошол доордогу архив документтеринен алынды. Демек, мындай суроо туулат: Абдугани Каримов 1936-жылы камакка түшүп, 1941-жылга чейин камакта отурса, анан кантип Ислам Каримов 1938-жылы туулушу мүмкүн?!

1941-жылы Абдугани Каримов камактан чыгып келет да, үйгө келип бир жаңы бала пайда болгонун көрөт. Ошондон кийин үй-бүлөлүк жаңжалдар көбөйөт. Абдугани эки сезим арасында калат: ал бир тараптан аялынын кыянаты себептүү өзүнүн кордолгонун сезип, аялын талак кылууну ниет кылса, экинчи тараптан Исламдан мурда туулган эки жаш баласына боору ооруйт эле, 1937-1938-жылдардагы ачарчылыктан кийинки оор күндөрдө бул эки баланын тагдыры эмне болорун ойлоп, ташбишке түшөр эле. Санабар өзүнүн эмнеге кыянат кылганын түшүндүрүп, эң жаман жыл болгон 1937-жылы өзүн жана эки баласын багуу үчүн эрине кыянат кылууга мажбур болгонун айтат. 1937-жылы Советтер союзундагы ачарчылыктан баарынын кыйналганы жалпыга маалым. Эри камалып, өзү жалгыз калган Санабар Каримова өзүнүн жана эринин башчысы болгон Исхак Мирзакандов менен күнөө иш кылууга мажбур болот. Мирзакандов ошол убакта Самарканддагы эң абройлуу жөөттөрдүн бири эле. Мирзакандов Самарканддагы таанымал соодагерлер үй-бүлөсүнөн болуп, ал Кошмо штаттар жана Канададагы бухара жөөттөрү конгрессинин башчысы, келип чыгышы самарканддык болгон Борис Кандовдун (Барух Конт) туугандарынан эле. Самарканддын бүткүл жөөт кварталы Каримовдор үй-бүлөсүндөгү акыркы бала Исхак Мирзакандовдун уулу экендигин жана анын жашыруун аты Ислам эмес, Исхак экендигин жакшы билишер эле.

Көптөгөн жаңжал жана катуу таяктоолордон кийин Абдугани Каримов аялын кечирүүгө аргасыз болду. Бирок, бул үчүн бир нерсени зынадан туулган баланы жетимканага жөнөтүп жиберүүнү шарт кылып койду. Ошентип, Өзбекстандын болочок президенти Самарканддагы жетимканага жөнөтүлдү. Бирок, 1942-жылы жетимканалар жана башбаанектер немис фашисттери менен согушуп жаткан Орусиядан келтирилген жетимдер менен толуп-ташып кеткен убакта, Абдугани Каримов «бөбөк энеси кылган иш үчүн күнөөкөр эмес-го» деген ой менен Исламды (Исхакты) үйгө кайта алып келүүнү чечет. Бирок, эч канча убакыт өтпөй 1945-жылы Исламды (Исхакты) дагы жетимканага кайтарып жиберет. Ал мектепте 7-8-класстарда окуп жүргөн кездеринде эле Самарканддагы Сияб базарынын белгилүү уурусуна айланып үлгүргөн эле. Бул базарда соода кылуу үчүн келе турган дыйкандар ага «коон уурусу» деп ат коюшкан эле. Классташтарынын биринин кийинчерээк маалым кылышынча, Ислам (Исхак) жөөт балдар менен гана достошор эле.

Жөөт балдар аны ар дайым коргошор эле… Ошол жөөт балдардын өз ата-энелеринен «мусулман» Исламдын теги өз улутташы жөөт экендигин жана анын чыныгы аты Исхак экендигин угуп-билгендиктери көрүнүп турат. Дагы бир классташынын маалым кылышынча, Ислам (Исхак) мектепте эки жана үч деген бааларга окуган, мектепти – анын өмүрү жана иши жөнүндөгү кээ бир китептерде жазылгандай – алтын медаль менен бүтпөгөн. Макала автору сөзүн Исламдын (Исхактын) кийинки жылдарын, амалий турмушун кандай баштаганын, биринчи аялы Наталья Петровна (Пинхусовна) Кучмиге кандай үйлөнгөнүн сүрөттөө менен улантып, алардын 1966-жылы туулган Пётр Исламович (Исхакович) Каримов (Конт) аттуу уулу болгондугун айтат.

Автор анын экинчи аялы Татьяна Акбаровна Каримова жөнүндө бул аялдын тажикистандык экени, энеси жөөт экени жөнүндө да сөз жүргүзүп, бул аял Советтер союзунун коммунисттик партиясынын борбордук комитетиндеги эки алыскы тууганы (Лигачёв жана Яковлев) аркылуу Исламга (Исхакка) кандай жардам бергендигин жана акыры келип Исламдын (Исхактын) Өзбекистанга кантип президент болуп калгандыгын айтат. Андан кийин автор Исламдын (Исхактын) Өзбекистанга президенттик кылган жылдары жана анын өз айланасына жөөттөрдөн турган кадрларды кандай топтоп алгандыгы жөнүндө сөз жүргүзүп, төмөндөгү кызык фактыны келтирет: Жөөттөрдүн Ислам (Исхак) Каримовду (Контту) колдоп-кубаттоолору анын Кошмо штаттарга 2002-жылы 3-мартта кылган сапарынан кийин даана көзгө таштала турган болуп калды. Ал «Be‘er Hagolah Institutes» аттуу жөөт уюмуна барган кезде ага «Эл аралык деңгээлдеги жетекчи» деген наам берилди.

Түбү ташкенттик, Каримов режимин колдоп-кубаттоочулардын бири болгон Лев Авнерович Левиев башчылыгындагы Дүйнө жөөттөрү конгресси болсо, Каримовду «Улут алдындагы кызматтары үчүн» аттуу орден менен сыйлады. Кийин автор азыркы Өзбекистан өкмөтүндө, анын аймактык кеңселеринде, экономика тармагында, коопсуздук бөлүмдөрүндө, ички иштер, финансы жана эмгек министрликтеринде иштеп жаткан жөөттөрдүн аттары жазылган тизмени жана Каримовдун жогорку кеңешчиси Владимир Бронштейндин сөздөрүнөн төмөндөгү үзүндүнү келтирет: «Биз (жөөттөр) бийликти оңойлук менен берип койбойбуз. Бийликти аборигендерге берип койгондон көрө, бүткүл Өзбекияны атып таштайбыз, аны экинчи Палестинага айландырабыз».

Бийликке жакын еврейлердин тизмедеги кээ бир аттар төмөнкүлөр:

Биченов Олег Ревазович – Ташкент ш. ИИББсинин терроризм менен күрөш бөлүмүнүн башчысы;

Бугров Борис Иванович – 80-жылдарда ӨзКП БК соода жана коммуналдык кызмат бөлүмүнүн башчысы, азыркы учурда ӨзР Олий Межлисинин раисинин орун басары;

Гадоев Эркин – ӨзР Салык Комитети раисинин жардамчысы;

Ганиев Эляр Мажидович – эне тарабынан жөөт (энеси – Эмма Ганиева (Петросова)), ДХ генералы, премьер-министрдин жардамчысы, Өзбекистан тышкы иштер министри;

Гофуров Абрахим Усманович – Өзбекистан «Улуттук тикеленүү» демократиялык партиясынын раиси, ӨзР Олий Межлисинин информация жана басма сөз комитети раисинин орунбасары;

Гуревич Михаил – Өзбекстан ИИБ жаза өтөө (камактар) башкы башкармалыгы башчысынын орунбасары;

 Гускова Татяна Николаевна – финансы министринин 1-орун басары, ӨзР экономикалык изилдөөлөр Борбордук Координациялык Советинин мүчөсү;

Жумаев Рустам – ӨзР президентинин басма сөз катчысы;

Зинин Вячеслав Иванович – ӨзР финансы министринин орунбасары;

Иномова Светлана Турсункожаевна – Өзбекистан Республикасы премьер-министринин орун басары – Өзбекистан кыз-келиндер комитетинин башчысы, ӨзР синхрондук сүзүү Федерациясынын жана стол тенниси Федерациясынын башчысы;

Исаев Рустам Якубович – КМШ подполковниги, Өзбекистандын Түркиядагы элчиси;

Исраилов Улугбек – Өзбекстандын Жидда шаарындагы (Саудия Арабстаны) башкы консулу;

Калонов Б.Х. – Наваий вилаятынын мурунку Прокурору, Бухара жана Наваий вилаяттары боюнча диний жамааттар, агымдар жана топтор ишмердүүлүгүн изилдөөчү Жумушчу тобунун мүчөсү, Диний жамааттар, агымдар жана топтор ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун үйрөнүүчү Соттор аралык комиссиянын мүчөсү;

Караматов Хамидулла Саадуллаевич – Өзбекстандын Франциядагы элчиси;

Кодиров Рашиджан Хамидович – ӨзР башкы прокурору;

Кучерский Николай Иванович – Наваий ТМКнын (уран жана алтын казып чыгаруу) башкы директору, ӨзР «Кызылкумредметзолото» Мамлекеттик концерни мекемесинин башчысы;

Кучеров Вадим Петрович – «В.П.Чкалов атындагы Ташкент авиация иштеп чыгаруу бирикмеси» мамлекеттик авиация бирикмесинин (ДАБ) башкы директору, кеңсе башчысы;

Мамо Владимир Адольфович – ӨзР Ички Кошуун ыкчам корпусунун командачысы;

Пачес Александр – ӨзР ИИБ Ички Кошуунун өтө маанилүү обьекттерди коруктоочу бригадасынын командачысы.

 Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости