www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бажыда Самат Исабековдун кулактары тикчийип көрүнө баштады, ал жерде коррупциялык  схема жоголду деп ким айта алат? Айрыкча Самат Исабеков бул жерге жетекчи болгондон тартып Бажы кызматында коррупция «биттей» баштады. Бул коррупциялык схемага үлкөн адамыбыз Башкы прокурордун кайниси кармалганы эмнеден кабар берет? Чындыгы УКМК жетекчиси менен Курманкул Зулушев майдай-сүттөй болуп отурса, ортосуна ким даап чок салмак эле. Экөөнүн ортосунда билинбеген тирешүү жалбырттап, акыры Зулушевдин кайыниси колго түшкөнү айдан-ачык билинип турат. Албетте, Зулушевдин кайыниниси чалчактап эч кимди көзгө илбей калгандыр. Эми кайынинисинин Бажыда «оюн салып жүргөнүнө» президент түз баа берип, Зулушевдин өзүн кызматынан айдап салар бекен?

2023-жылдын 18-мартынды  УКМК, Кытайдан товар ташууда коррупциялык схема аныкталганын, ал боюнча Бажы кызматынын алты жооптуу адамын жана жеке компаниянын үч өкүлүн кармаганы тууралуу маалымат тараткан. Алардын ичинде жогорку кызматта иштеген адамдардын туугандары бар экени кабарланган.

Бажыдагы коррупциялык схема боюнча кармалгандардын арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бир тууган кайниси бар. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев билдирди. Анын айтымында, аталган иш боюнча жалпы сегиз адам кармалган.

Камчыбек Ташиев:«Курманкул Токторалыевич менен менин ортомдо эч кандай пикир келишпестиктер жок. Биз мыйзам чегинде ар бирибиз өзүбүздүн милдеттерибиздин негизинде иш алып барып жатабыз. Биз бажы системасында өтө чоң коррупциялык схеманы кармап, алып чыктык. Ошонун негизинде түнү менен иштеп, 8 адамды кармадык. Алар — бажычылар, жүктөрдү декларация кылгандар, Кытайдан Өзбекстанга жүк ташып өткөргөндөр. Негизинен бул жерде чоң суммадагы коррупциялык схема иштеп турган. Алдын ала айтуулар боюнча, бюджетке миллиард сомдун тегерегиндеги зыян келтирилген. Ошолордун арасында Курманкул Токторалыевичтин бир тууган кайын иниси бар, бул чындык. Сурак берип жатат. Бирок бул ишке Курманкул Токторалыевчтин өзүнүн, ишинин тиешеси жок. Эгерде кайниси кармалса, мамлекетке келтирген зыянды толуктайт, мыйзамдуу жазасын алат. Эгерде андай болбосо, ал жаза алуудан бошотулат. Дагы бир жолу кайталап айтайын, аны менен кошо 8 адам кармалды. Мындай учурлар көп эле боло турганын кошумчалады. Чоң кызматтарда иштеген адамдардын жакындары мыйзам бузуп, кармалат. Мыйзам чегинде жооп берип жатышат. Ошондой эле, Садыр Нургожоевичтин кудасы да кармалды. Ал да отуруп чыкты. Садыр Нургожоевичтин бир тууган агасынын бир тууган бажасы кармалды. Ал «Достук» постунда жетекчи болчу, жазасын алды. Менин деле жакындарым, өкүл балам кармалып жатат. Мамлекеттик чоң кызматтарда иштегендердин жакындары мыйзам бузган болсо, аларды эч кандай аёо болбойт. Алар дагы жөнөкөй адамдардай эле жазага тартылат. Президенттин бизге койгон тапшырмасы бар. Анын негизинде биз эч кимди аябайбыз. Мыйзам буздуңбу, мыйзам чегинде жооп бересиң».

Ошондой эле, ал «УКМК менен Башкы прокуратуранын жетекчилеринин ортосунда тиреш жүрүп жатат» деген сөздөрдү төгүндөдү.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайнисинин кармалышы боюнча суроого жооп берип жатып, убагында президент Садыр Жапаровдун жакын адамдары коррупциялык иштер боюнча камалганын билдирди: "Алар мыйзам чегинде жооп беришет. Бир убакта президент Садыр Жапаровдун бир тууган кудасы кармалып, мөөнөтүн өтөп, эркиндикке чыккан. Садыр Жапаровдун бир тууган агасынын бажасы, "Достук" өткөрмө бекетинин башчысы кармалды. Ал мыйзам чегинде жооп берди - мөөнөтүн алды. Менин деле жакындарым: өкүл балам кармалып жатат... Мамлекеттик чоң кызматта иштеген адамдардын жакындары мыйзам бузган болсо, алар жөнөкөй адамдардай эле жазага тартылат", - деди Ташиев.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости