www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайнисинин кармалышы боюнча суроого жооп берип жатып, убагында президент Садыр Жапаровдун жакын адамдары коррупциялык иштер боюнча камалганын билдирди.

"Алар мыйзам чегинде жооп беришет. Бир убакта президент Садыр Жапаровдун бир тууган кудасы кармалып, мөөнөтүн өтөп, эркиндикке чыккан. Садыр Жапаровдун бир тууган агасынын бажасы, "Достук" өткөрмө бекетинин башчысы кармалды. Ал мыйзам чегинде жооп берди - мөөнөтүн алды. Менин деле жакындарым: өкүл балам кармалып жатат... Мамлекеттик чоң кызматта иштеген адамдардын жакындары мыйзам бузган болсо, алар жөнөкөй адамдардай эле жазага тартылат", - деди Ташиев.

Ошондой эле, Камчыбек Ташиев Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси кармалганын кандайдыр бир деңгээлде тирешүү деп кабыл албаш керектигин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости