www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буркановду боточо боздоткон, «шпион» «кликухасы» бар мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков дагы эки айга абакта калтырылды. Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук соту Разаковдун баш коргоо чарасын эки айга узарткан. Соттун чечимине ылайык Жеңиш Разаков 24-апрелге чейин тергөө абагында отурат. Жеңиш Разаков Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Арзыбек Буркановдун арызынын негизинде кармалган. Илгери бууранын буркурайт деп айтышчу, эми болсо бийликтин «кошелогу» буурадай буркураган Бурканов ботодой боздоп жатат. Милицияга Бурканов Арзыбек  аттуу жаран арыз жазып, Разаков 1 млн 200 миң доллар алып, бербей койгондугун билдирген. Ушундай. Жеңиш Разаков кызматта турганда Арзыбек Буркановдон 1 миллион 200 миң доллар алып, кайра бербей койгону, алдамчылык кылганы боюнча камакка алынды. Тергөөнүн сыры катары көп маалыматтар чыкпай атабы? Азырынча күдүк кептер күчүндө.

Жеңиш Разаков Баткен облусунун губернатору, вице-премьерминистр кезинде алдым-жуттумдукту, өкүмзордукту кыйла жасаганы, көп адамдарга зыян келтиргени ачыкталабы? Контрабанда, кызмат абалынан кыянат пайдалануу иштери да тизмектелеби? “Көрбөгөндүн көргөнү курусун” дегендей, кыйла кыңыр иштер убакыт өткөн соң кашкая баштады. Баткендиктердин көпчүлүгү Жеңиш Разаковдун камалганына кубанып жатышканы бекер жерден эмес го. Элден чыкканы ушулбу? Алдамчылыкка шектелип кармалган Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун камактагы мөөнөтү эки айга узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, ал 24-апрелге чейин камакта калтырылды. Разаков №1 тергөө абагында камакта болот. Буга чейин ал 24-февралга чейин камакка алынган. Жеңиш Разаков 24-январда кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча иш козголгон.

Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков  24-апрелге чейин №1 тергөө абагына камалганы узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Ага Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Разаков парламенттин мурдагы депутаты Арзыбек Буркановдун арызынын негизинде кармалганын ырастады. Анын жактоочусу Айбек Өмүров буга негиз жок экенин айтты: "Бул иш козголбош керек болчу. Анткени дал ушул сумма боюнча Жеңиш Разаков Биринчи май райондук милициясына кайрылган, иш козголгон. Ал жерде Разаков жабырлануучу деп табылган. Ал жакта ушул эле сумма боюнча башка айыпталуучу бар, ага издөө жарыяланган. Жабырлануучу болгонуна карабай ушул эле сумма боюнча башка арыз жазылып, аны камап жатышат. Бул сумма башка кишиден алынган сумма болчу. Жеңиш Разаков Буркановдон акча алган деп айтылып жатат. Бирок андан алган эмес, башка кишиден андан чоңураак сумма алган. Ал сумманы кайтарып берип, 1 миллионун Мирлан Бекитаев деген киши алып изин жашырып кеткен. Бул боюнча арыз 2022-жылы мартта берилген. Ошондо Разаков бирөөдөн ушул сумманы карызга алат. Ал Буркановдун акчасы экенин берген киши айткан эмес. 2022-жылы эле Буркановдун дагы акчасы болгону билинип жатат. Акча 2017-жылы алынган болчу", - деди жактоочу. Ички иштер министрлиги Разаковдун кармалышы боюнча расмий маалымат бере элек.

Баткенден өсүп чоңойгон Жеңиш Разаков, өз жумушун кылдаат билгени менен, дайыма “кара пиардын” аркасы менен жаман көрүнүп алат да, жөн жерден ушак-айыңга кабылып, кызматынан четтеп калат. Ал эптеп талбаган эмгеги менен  Атамбаевдин заманында  вице-премьердик кызматка жетти эле, ал жерден “кара пиарды” жакшы көргөн Атамбаев 2017-жылы көтөрүп чапкан. 2018-жылы анын чек арада болгон эмгегин баалаган жаңы бийлик кайрадан вице-премьерлик кызматка алып келген. Жазында “атамбаевчил” Мадеминов баштаган “кара пиар” Момбеков тараптан күчтөлүп, акыры Жеңиш Разаков вице-премьерден кетүүгө өз арызын жазып берген:

Жеңиш Разаков вице-премьер болуп турганда эң ачуу сындарды айтылып турду. Анткени менен Разаков ошол сындарды унутта калтырбай жыйынтык чыгарып турду. Разаковду кызматында турганда көкөлөтүп мактагандар, жамандай баштаган, эми кыргыз жеринде “чөөлөр” көп эмеспи. Күч түзүмдөрү тамаша эмес, Разаков да тамаша эмес.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости