www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп 21-март күнү камакка алынарын айтып, тарапташтарын өлкөнү кайтарып алыш үчүн нааразылык акциясына чыгууга чакырды.

Трамп далил келтирбестен, Манхэттен округунун прокурорунун кеңсесиндеги «мыйзамсыз маалыматтар» анын камаларын көрсөтүп жатканын жазат. 45-президент кандай айыптар коюларын ачыктаган жок.

«Республикалык партиянын жетектөөчү лидери жана АКШнын мурдагы президенти келе жаткан аптада, шейшемби күнү камакка алынат. Нааразылыкка чыгып, биздин өлкөнү кайтарып алгыла!» — деп чакырык жасаган Трамп.

Ал америкалык кыял өчкөнүн, ал эми өлкө «үчүнчү дүйнөдө калып өлүп бара жаткандыгын» жар салган.

Америкалык ЖМКларга Трампка бир нече жыл мурда порноактриса Сторми Дэниэлске алардын мамилеси туурасында коомчулукка айтпашы үчүн акча төлөп берген деген айып тагылып жатканы жазылган.

Телеканалдын маалыматына таянсак, күч органдары сот процесси өтүп жаткан Нью-Йорктун борборундагы башаламандыкка даярдык көрүп баштады.

Булак: NazarNews.kg​​​​​​​

Последние новости