www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кумтөрдү" миллиардап кайсаган Теңгиз Бөлтүрүк камакта жатып алып ачык кат жазып жатканы белгилүү. Катта камактагы Теңгиз Бөлтүрүк кен жай азыртан так стратегияны иштеп чыгуу башталбаса, эки жылдан кийин токтоп калуу алдында турарын айткан. Ошондой эле, ал Кумтөрдө кадрлардын жетишсиздиги байкалып жатканын жана 7 жылдан кийин алтын запастары түгөнө турганын баса белгилеген.
Бөлтүрүк бөрү жүрүшкө салып: "Эгер азыр Кумтөрдү өнүктүрүүнүн дыкат ойлонулган жана прагматикалык стратегиясын иштеп чыгууну баштабаса, 2025-жылы Кумтөр калдыктарга толуп ишин токтотууга аргасыз болот. Ал эми жети жылдан кийин такталган алтын запастары түгөнөт. Аталган жагдай өлкө жетекчилигинин аброюна катуу сокку урат, себеби президенттин күчү менен гана Кумтөрдү Кыргызстан элинин менчигине кайтарууга жетишкенбиз.
Мурда бул позицияларды чет элдик адистер жана консультанттар аркалап турган. Азыр биз Кумтөр үчүн эле эмес, жалпы жонунан улуттук кадрларды тез арада даярдашыбыз керек. Кумтөр чукул өзгөрүүлөргө, технологиялык модернизацияга, IT технологияларды киргизүүгө муктаж" — деген.
"Кумтөр голд компани" жабык акционердик коому анын мурдагы жетекчиси Теңиз Бөлтүрүктүн алтын кен тууралуу жазган катына жообунан:
Теңиз Бөлтүрүк компанияны бир жылдан ашык башкарды, бирок "кооз сөздөр жана жомоктогудай айлык алган шектүү кишилерди ишке тартуудан башка эч кандай реалдуу кадамдар болгон жок";
ушул убакка чейин "Кумтөр" анын "ийгиликтүү" башкаруусунун кесепетин жоюуга аргасыз болуп келет. Бөлтүрүк жалдаган "кымбат" экспаттардын бардыгы ата мекендик адистерге алмаштырылган;
алтын кенинде геологиялык иштер кызуу жүрүп жатат. Карьерден 135 тоннадан ашык алтын алынса, дагы 112,6 тоннасы калдык сактоочу жайда турат;
калдыктарды кайра иштетүү технологиясын тандоо боюнча сынак аяктады. Жылына 12 миллион тоннага жакын калдыкты кайра иштетүү пландаштырылууда;
дамбанын курулушу катуу көзөмөлгө алынгандыктан калдык сактагычтардын толуп калуу коркунучу жок.
Башкы прокуратура "Кумтөр голд компани" ишканасын текшергенден кийин үч кылмыш ишин козгоп, коррупциялык схемадан улам мамлекетке 1 миллиард сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин аныктаган. Мындан улам жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк 13-сентябрда кармалып, учурда тергөө абагында отурат. 2022-жылдын 29-декабрында Октябрь райондук сотунда Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасын узартуу боюнча өтүнүч каралып, сот анын камактагы мөөнөтүн узартуу чечимин кабыл алган. Бишкек шаардык соту Теңгиз Бөлтүрүктү 2023-жылдын 10-мартына чейин камакта калтырган.
Андан мурда Эсеп палатасы "Кумтөр голд компани" ишканасынан финансылык алешемдиктерди аныктап, компания жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк менен финансы директору Рыспек Токтогулов кызматтан четтетилген.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg