www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тили буудай кууруп, «макалчы-жамакчыга» айланган Эдил Байсалов соңку убакта Европага байма-бай каттоочу болду. Ал оппозицияны  катуу сындап, улуу –кичүү Жапаровдор үчүн күйүп, айыгышып калгандай. Бирок, «жарымы төгүн жарымы чын, жарандардын көөнү үчүн» дегендей, кеп кызыды. Ал оппозицияга аябай сындап, ачуу сөздөрүн аябаптыр. Биздин жеке булактар билдиргенине караганда, ай айланбай Эдил Байсалов «Манас» орденине көрсөтүлөрү тууралуу каңкууланды. Албетте, «уккан кулакта жазык жок» дейт. Бирок ошол нукта кетип жатат окшойт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов иш сапары менен Англияга учуп кетти. Эмнеге эле Орусия менен тирешип турган Европа дегенде үзүлүп чуркай баштады. Анткени биздин саясий багытыбыз Орусия менен бир тилектештикте, бирок Эдил Байсалов  өңдүү НПОчуларга таянып Европа менен жакшы мамилебизди чыңдап турбасак болбойт дегендей сөз го. Бул саясаттагы эки жүздүүлүк эмеспи?

Эдил Байсалов иш сапары менен Англияга учуп кеткенин 2022-жылдын  7-декабрдына Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Венера Раимбачаева билдирди. Анын айтымында, ал токтомдун долбоорун сунушташы керек болчу. Ал жок болгонуна байланыштуу ал суроону кийинки жумага жылдырууну суранды.

Спикер Нурлан Шакиев белгилегендей, кеп “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын аймактарында жашаган жарандарга социалдык төлөмдөрдү инвентаризациялоо жөнүндө” токтом долбоору. Талкуунун жыйынтыгында депутаттар бул маселени күн тартибинен чыгарышты.

Андан мурун өкмөттүн маалымат кызматы Байсалов ден-соолук үчүн салык салуу потенциалын жогорулатуу боюнча семинарга катышканын кабарлаган. Анда Кыргызстанда өлүмдүн негизги себептери болуп жүрөктүн ишемиялык оорусу, инсульт, цирроз жана өпкө оорулары экендиги белгиленген. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматында мындай дарттар чылым чегүү, спирт ичимдиктерин жана туз колдонуудан, аз кыймыл, ашыкча салмак, туура эмес тамактануудан келип чыгат.

Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктер менен чылымдын баасы аябай арзан болгондуктан калктын саламаттыгы начарлап жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирген. Байсалов Кыргызстанда спирт ичимдиги менен чылымдын баасы өтө арзан экенин айткан: "Бир бөтөлкө арак бир бөтөлкө газдалган суусундуктан арзан болушу мүмкүн эмес. Бул калктын саламаттыгынын начарлашына гана алып келбестен, экономиканын өнүгүшүнө олуттуу тоскоол болуп жатат", — деген ал.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун божомолу боюнча, спирт ичимдиктери менен тамекинин баасы 15 пайызга жогоруласа, аларды керектөөнүн көлөмү 22 пайызга кыскарат. Аны менен катар кошумча 52 миллион доллар акциздик салыктан түшөт: "Ошондуктан, адам ден-соолугу үчүн салык салуу жугуштуу эмес ооруларды азайтуунун эффективдүү чарасы гана эмес, экономикалык жактан да үнөмдүү боло алат", — деп айтылат маалыматта.

Семинардын жыйынтыгында ден-соолук үчүн салык салуу тармагындагы потенциалды жогорулатуу боюнча теориялык жана практикалык сунуштар иштелип чыгары кошумчаланган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости