www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азия өнүктүрүү банкынан насыя берүүнүн шарттары кандай? Бул тууралуу бүгүн, 2022-жылдын 7-декабрында Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев сурады.

Буга Каржы министринин орун басары Руслан Татиков насыянын мөөнөтү 24 жыл экенин, анын 8 жылы жеңилдетилген мезгилге 1% жана негизги мезгилге 1,5% экенин белгиледи.

Анын айтымында, электр энергиясын импорттоо үчүн энергетика тармагына 50 миллион доллар өлчөмүндөгү каржылык каражат жумшалат.

Депутат бул акчага канчага электр энергиясы алынарын сурады.

Буга Энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков бүгүнкү күндө 2,5 миллиард кВт саатка жакын электр энергиясы импорттолуп жатканын айтты.

"Ошондо акчаларды Түркмөнстанга берет экенсиңер да?", - деп суроо салды депутат.

Министрдин орун басары электр энергиясы Казакстандан да ташылып келээрин билдирди. "Насыяга алынган акчалардын бардыгы электр энергиясын сатып алууга багытталат", - деди орун басар Султанбеков.

«Биз электр энергиясын насыяга алганга чейин жеттик», - деди депутат.

Бүгүн Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (жеңилдетилген шарттардагы кадимки операциялар) (“АӨБ турукташтыруу (антициклдик) механизминин алкагында активдүү антициклдик чыгашалардын (BRACE) жардамы менен туруктуулукту жогорулатуу”), Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (атайын операциялар) (“АӨБ турукташтыруу (антициклдик) механизминин алкагында активдүү антициклдик чыгашалардын (BRACE) жардамы менен туруктуулукту жогорулатуу”) ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору каралууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости