www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Молдо болуу да, министр болуу да текей тергендей оңой болуп калды. Министрден айрылуу да, молдодон айрылуу да камгак учургандай жепжеңил иш. Министрлер дайындалды. Кудайга тобоо келтирип, көзүнөн жаш агып, мурдунан суу куюлган Доскул Бекмурзаев кайра министр болот деген каңшаар эл аралады.  Анын ордун алган Жапаровдун жердеши Ибраев деле кыйраткан жок.

 Эри менен жаңжалдашып, анан төркүнүнө кетип калып, анан таарыныч ызасы тараганда кайра кайтып келгендей кадрдык өзгөрүүлөргө элдин эси эңги-деңги болуп турган чак. Ошондон улам, кээсин төркүнүнөн алдап-соолап алдына түшүп алып келгендей ала-була кылбастан, кылмыш иши козголуп айыпталып иштен алынгандарды кайра өз ордуна коёлу. 

Дегенибиз, Алымкадыр Бейшеналиев менен Доскул Бекмурзаевдин окуясы окшош. Экөө тең коррупцияга шектелип кылмыш иши козголуп, иштен алынган. Андыктан теңдик, акыйкаттык болсун десек, Алымкадыр аппак болуп, Доскул мокочо бойдон калбашы керек го. Демек, Доскул Бекмурзаевди дагы Энергетика министри кылып алып келген оң болуп жүрбөсүн. Ансыз деле азыркы министр Таалайбек Ибраев кыйраткан жок. Элге электр энергиясы жетпей жатса, бир райондун электр энергиясын бир жеп койгон майнинг ферма иштеткенге уруксат берип мурдун балта кеспей отурат. 

Балким, Жараткандан кетирген күнөөлөрү үчүн кечирим сурап көзүнөн жаш агып, мурдунан суу куюлган Доскул Бекмурзаевди алып келсек, мурдагыдай алкын бузган күмөндүү, мыйзамсыз иштерге аралашпай иштеп берет. Кантсе да Кудайга тобоо келтирип жаткан неме эсине келгендир. Бизге мыйзам алдында акталып отуруштун эмне кереги бар?

«Алымкадыр Бейшеналиевдин телефон менен коркутканы 90-жылдагы «бандиттердин», инкубдардын деңгээлинде калганын айгинелейт», - деген NazarNews маалымат агенттигине жарандык активист Мавлян Аскарбеков.

- Мавлян мырза, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин башына кара булут айланып, коомчулукта анын катачылыгын айтып сындагандар жана орунсуз сөздөрү үчүн айыптагандар көбөйө баштады го?

- Тилекке каршы чоң саясатта бизде «неадекваттар» өтө көп. Мамлекеттик кызматкердин этикасы, саясий кызматтагы адамдын, маданияты, жүрүм-туруму, түшүнүгү, билими туура келбеген учурлар көп.

Мындай жагдайда элибиздин, мамлекетибиздин баркына балта чабылып, мамлекеттик институттарга доо кетип жатат. Анын дарегине айтылган сөздөрдүн калп же чын экенин тиешелүү күч органдары иликтеп чыгат деген ойдомун, себеби «эл аралык мединституттарды, жеке клиникаларды жабам деп, бирок миллиондогон долларларды талап кылып жүрөт» деген сөздөр бар.

Жаңы бийлик реформа кылалы, өзгөрүү, өнүгүү аракетин көрөлү деп жатса, акча жасай калайын деген туура эмес. Бүгүн да орун басарлары жана башка жогорку кызмат адамдары тарабынан пресс-жыйын уюштурулуп, анын коррупцияга аралашканы, «адекватсыз» жүрүм-туруму, коркутуулары жөнүндө президентке кайрылуусу чыкты. Менин оюмча, мындай «разборкалар» эмес компетенттүү кадрлар менен комплекстүү өзгөрүүлөр керек.

- Ал министрлик кызматтын кадырын кетирди десек болобу?

- Ошондой десек да болот. Анткени, Алымкадыр Бейшеналиевдин телефон менен коркутканы 90-жылдагы «чаласпортсмен», көчөдө жүргөн «бандиттердин», инкубдардын деңгээлинде калганын айгинелейт.

- Жабам деп жар салган медициналык окуу жайлар жана менчик клиникалардан акча талап кылыптырбы?

- 17 мединститутту жабам деди эле, анан эле жабылбай калды. Ал ортодо «акча талап кылды» деген сөздөр желдей тарады. УКМК, Прокуратура, жана журналисттер бул маалыматтын чын бышыгын иликтеп чыксаңар жакшы болот эле. Ким кимге 200 000 доллардан берди, же бербегени аныкталат эле.

17ни 200000 көб өйтсөк = 3 400 000 доллар болуп жатат. Ал эми жабам деген жеке клиникаларды жабабы же реформа деген шылтоо менен кайра эле акча чогултуу болуп жатабы муну да көз жаздымда калтырбашыбыз керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости