www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москванын түндүгүндө Травматология жана ортопедия улуттук илимий-изилдөө борборунда иштеген белгилүү травматолог Доржо Аюшеев менен кыргызстандык мигрантты өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген өзбек жаранынын күнөөсү далилденсе өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу жактоочу Оксана Никитина маалымат каражаттарына билдирген.

"Биринчи кезекте анын акыл-эси жайында экенин аныктоо үчүн психиатриялык экспертиза дайындалат. Андан кийин шектүүгө айып тагылып, айыпталуучу статусу берилет. Экспертизанын жыйынтыгы анын акыл-эси жайында экендиги тастыктаса, анда кылмыштын бул категориясы “өзгөчө ырайымсыздык менен” мүнөздөлүп, өмүр бою эркинен ажыратылышы ыктымал.

Эгерде Махамаджоновдун акыл-эси жайында эмес деп табылса, ал дарылануу үчүн психиатриялык ооруканага жаткырылышы мүмкүн", - дейт жактоочу.

Эске салсак, 12-сентябрда Москванын түндүгүндөгү "Дружба" сейил багынан кийин Фестивальная көчөсүндөгү батирден башы кесилген жансыз денелер табылган. Маркумдар бири-биринен 800 метр алыстыкта ​​болгон. 

Сейил бакта каза болгон жаран 25 жаштагы кыргызстандык мигрант экени, ал эми батирден табылган жансыз дене Травматология жана ортопедия улуттук илимий-изилдөө борборунда иштеген белгилүү травматолог Доржо Аюшеевге таандык экени аныкталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө видеокамераларга дарыгер батирине белгисиз жигитти ээрчитип бара жатканы тартылып калган. Кыска убакыттын ичинде кылмыш иликтөө кызматкерлери киши өлтүргөн 22 жаштагы Хасанбой Махамаджонов экенин аныкташкан. Ал Зеленограддагы туугандарынын үйүнөн кармалган.

Тергөө учурунда шектүү маркумдар менен гейлердин Telegram-группасы аркылуу таанышканы белгилүү болгон. 

Окуя болгон күнү, тагыраагы, 11-сентябрда Аюшеев Махамаджоновду Фестивальная көчөсүндө жайгашкан эки бөлмөлүү евро батирине чакырган. Бирок алар кызмат акысын келише албай, жыйынтыгында дарыгер мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Шектүү батирден чыгып Telegram-группадан таанышкан 25 жаштагы кыргызстандык мигрант менен жолугушууга "Дружба" сейил багына барган. Алардын жолугушуусу экинчи мыкаачылык киши өлтүрүү менен аяктаган. 

Даргердин жансыз денесин жээни, ал эми кыргызстандыкты күзөтчү таап алган.

Аталган фактылар боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүмү “Киши өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголгон.

Махмаджонов Өзбекстандан Москвага 10-сентябрда учуп келген. Анын туруктуу иштеген жумушу жок. Шектүүнүн ата-энеси жок, агасынын колунда чоңойгон. Бала чагында зордук-зомбулук көрсөтүлбөгөнү айтылат.

Булак: NazarNews.kg 

 

 

 

 

 

Последние новости