www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызмат адамдары тарабынан мамлекеттик социалдык төлөмдөрдү жана жөлөкпулдарды төлөөдө акча каражаттарын мыйзамсыз ыйгарып алуу боюнча коррупциялык көрүнүштөр аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-2022-жылдарга карата Аламүдүн райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүндө аудит жүргүзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында Аламүдүн райондук бөлүмүнүн кызмат адамдары алдын ала сүйлөшүүлөргө барып, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, кызматтык жасалмалоо жана тиешелүү документтерди жасалмалоо жолу менен 9 052 926 сом өлчөмүндөгү социалдык төлөмдөрдү жана жөлөкпулдарды мыйзамсыз өздөштүрүшкөн. Тактап айтканда, башкы бухгалтер Б.А.Б., бухгалтерлер Д.Ж.А., А.Т.кызы, М.Н.Т., К.А.Ш., социалдык кызматкер С.Д.Т. жана социалдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн кызматкерлери Т.Г.Т. жана А.Д.У. тарабынан өздөштүрүлгөн.
Учурда керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында күнөөлүүлөр Кылмыш-жаза мыйзамдарынын алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда аталган кызмат адамдары тарабынан Аламүдүн районунун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция райондук бөлүмүндө ушул сыяктуу социалдык төлөмдөрдү максатсыз ыйгарып алуу фактыларын аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүү пландалууда.
Булак: NazarNews.kg