www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Келемиштей болуп, Жапаровдун атын сатып ар кимди коркутуп-үркүтүп акча алып турган Аспеков деген шумпай бар, акырында 250 миң долларды шыпырып аларда колго түшкөн, аны кустуруп төлөткөн. Садыр Жапаровдун эң ишенимдүү адамдарынын бири болуп жүрүп, опузалап пара талап кылууга айыпталып камалып чыккан Мелис Аспеков өзүнүн күнөөсүз экенин, ак жеринен абакка отуруп, кылмышкер болгонун айтып келет. Буга байланыштуу жакында эле УКМК тарабынан 10 миң доллар жана 15 миң сом акчасын кайтарылып берилгенин белгилеп, "кайсыл кылмышкердин ушунтип акчасын кайрып берди эле" деген суроо узаткан. 

Бул тууралуу Аспеков Фейсбук баракчасына: «Мага УКМК 10 миң $ жана 15 миң сом кайрып берди. Бул каражат мени Дашков боюнча мыйзамсыз кармап жатканда өз ыктыярым менен бергем. Мени каралаган видеодо ушул акчаларды мен пара менен кармалгандай, атайын видеого көргөзүшкөн. Мага бул каражатты кайрып бергени, мен 100% күнөөм жок, мен 100% эч кимди опузалаган эместигимди билдирет. Мен күнөөлүү болсом бул каражат Дашковго вещественный доказательство болуп берилмек, туурабы? 

Дагы бир ирет кайталаймын мени эч ким "с поличным" кармаган эмес. Токулган иште бир сом жок далилдүү буюм катары, мен күнөөлүү экенимдин тергөөчү жана сот далилдеп бере алган жок. Бир куру ооз эки Джураев Уландын сөзү менен соттошту. Ал Уланды да кыйнап ооз эки сүйлөгөнгө мажбур кылышкан. Тарых мени актайт буюрса деп айткам, бул башы эле… 10 миң $ жана 15 миң сом каражатын толук алганымды УКМКга тил кат жазып бердим. 
Кайсыл кылмышкердин ушунтип акчасын кайрып берди эле?, - деп жазды. 

Мындан улам, УКМК Мелис Аспеков коомду адаштырып, маселенин жагдайын өз кызыкчылыгына бурмалап жатат деген өңүттө маалымат таратты. Анда кайтарылган акча боюнча: "Ал тинтүү учурунда табылып алынып, буюм далилдери болуп саналбаган жана тергөөнүн предметине тиешеси жок болгон, айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык ага кайтарылган. Аспеков "опузалоо жана алдамчылык" боюнча күнөөлөнүп, соттолгон.  УКМК кайтарган анын ээлигиндеги каражатты, ага карата мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмүнүн контекстинде талкуулоого болбойт", - айтылат.

Кыскасы, мышык-чычкан оюну. Кимиси элдин көзүн будамалоо аракетин көрүп, маалыматтык манипуляция жасап жатканын түшүнүп болбойт. Эки тараптын тең айтканында жүйө бар.

Чырдан башы чыкпаган Мелис Аспеков деген кыраан бар. Учурунда Чыныбай Акунов менен чырлашып жүрчү, эми бул кыраан УКМК менен тирешип калгандай. Анткени, бул Жапаровдун эң жакын адамымы деп, ал эмес Чүй облусуна губернатор болот деген каңшаар тарап кеткен. «Сагызган сактыгынан өлбөйт, суктугунан өлөт» дегендей Мелис Аспековдун суктугу ашып, суук колун  ар кимге батыра баштаган. Көрсө өзүн Жапаровдун жакын адамдары катары көрсөтүп, «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарынан 250 миң АКШ долларын опузалап алган шумпай экен.

Мелис Аспеков өзүнүн күнөөсүз экендиги айтып, элдин оюн адаштырууга аракет кылууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети айтып жатат. Социалдык тармактарда жана интернет булактарында Мелис Аспеков өзүнүн күнөөсүз экендиги жана анын кармалып алынган акча каражаттарын кайтарып берүү менен далилденгени тууралуу жалган маалымат таратканына байланыштуу, УКМК төмөндөгүлөргө көңүл буруу зарыл экендигин билдирет:

2021-жылдын январь айында УКМК Мелис Аспеков менен Улан Жураевге өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу жана алдамчылык фактылары боюнча кылмыш ишин козгогон, андан кийин кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө М.Аспеков менен У.Жураев өзүн КР президенти С.Жапаровдун жакын адамдары катары көрсөтүп, «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарынан 250 миң АКШ долларын опузалап алышканын, ошол эле учурда мамлекеттик ишкананын ишмердүүлүгүн укук коргоо органдары тарабынан текшерип, жетекчиликке каршы митингдерди уюштура турганын айтып коркутушкан.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен М.Аспеков менен У.Жураевге карата кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлүп, 2022-жылдын 23-мартындагы өкүм менен ал опузалоо жана алдамчылык боюнча күнөөлүү деп табылган, ошол эле учурда жалпы режимдеги колонияда өтөө менен 7 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган.

М.Аспековдун бул өкүмүнө жана анын баш коргоо чарасына макул болбогондуктан, өкүм Бишкек шаардык сотуна даттанылган, 2022-жылдын 5-июлундагы соттук коллегиясынын чечими менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү күчүндө калтырылган, бирок эркинен ажыратуу мөөнөтү 1 жылга кыскартылып, 6 жылга эркинен ажыратуу менен акыркы жаза белгиленген.

М.Аспековго кайтарылган акча боюнча айтсак, ал тинтүү учурунда табылып алынып, буюм далилдери болуп саналбаган жана тергөөнүн предметине тиешеси жок болгон жана айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык ага кайтарылган.

М.Аспеков, опузалоо жана алдамчылык боюнча күнөөлөнүп жана соттолгон, күнөөсүздүк үчүн ага таандык мүлктү ага карата мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмүнүн контекстинде талкуулоого болбойт, УКМК акчамды кайтарды деген фактысын ачыкка чыгарабыз деген үмүт менен коомчулукту атайылап адаштырып аракет кылууда.

Кылмышкер М.Аспековдун фактыларды алмаштыруу менен өзү жөнүндөгү коомдук пикирди өзгөртүүгө, анын инсанына кандайдыр бир деңгээлде болсо да көңүл бурууга жана жасаган кылмыш ишине ойдон чыгарылган саясий баа берүүгө болгон курулай аракеттери ачык көрүнүп турат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости