www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир жуманын ичинде Бишкектеги билим берүү мекемелерине окуучуну кабыл алууда мыйзамсыз акча талап кылгандыгы үчүн 4-мектеп директору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

КР УКМК жаңы окуу жылынын башталышынын алдында Бишкек шаарынын билим берүү системасында окуучуларды 1-класска кабыл алуу жана  бир мектептен экинчисине которууда мыйзамсыз түрдө акча талап кылуу, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча максаттуу иш-чаралардын комплексин жүргүздү. 

2023-жылдын 1-сентябрында окуучуну башка мектепке которуу маселеси оң  жагына чечилиши үчүн 5000 сом өлчөмүндө акча каражатын алган  борбор калаадагы мектептердин биринин дагы бир директору А.Г.Б.  кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. КР УКМК КР Президентинин 2023-жылдын 26-майындагы №136 “Балдардын акысыз билим алууга укуктарын ишке ашыруунун мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, мектептерде, мамлекеттик билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууга жана  ар кандай коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынат жана бардыгы  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен камсыздалат деп жазылган.

Буга байланыштуу КР УКМК билим берүү мекемелеринин жетекчилерин мыйзамсыз, анын ичинде мектептерде ар кандай коомдук фонддорду түзүү жолу менен акча  чогултуу практикасынан баш тартууга  жана мындай фактылар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости