www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын саясий кеңеши Грузиянын президенти Саломе Зурабишвилиге импичмент жарыялоо ишин баштоону чечти. Бул тууралуу партиянын лидери Ираклий Кобахидзе брифингде билдирди.

Ал мамлекет башчысын бийликтен кетирүү оңойго турбасын моюнга алды.

"Конституциянын одоно бузулушуна карабастан, азыркы саясий кырдаалда импичмент процедурасын аягына чыгаруу мүмкүн эместигин биз бир нече жолу белгилегенбиз. Импичмент үчүн 100 парламентарийдин колдоосу керек, демек, радикал оппозициянын добушу болмоюнча аны ишке ашырууга мүмкүнчүлүк жок”, - деди саясатчы.

Ал түшүндүргөндөй, импичмент үчүн депутаттардын 2/3 добушу, башкача айтканда, 150дөн 100 добуш керек. “Грузин кыялы” жана анын өнөктөштөрү 84 добушка ээ.

Кобахидзе Зурабишвили өкмөт жактырбаган чет элдик сапарларды жасап жатканын, бул Конституцияны бузганын айтты. Анын айтымында, өлкөнүн Негизги мыйзамына ылайык, мамлекет башчысы эл аралык сапарларды министрлер кабинети менен макулдашы керек, ал эми президент министрлер кабинетинин уруксатысыз он өлкөгө, анын ичинде Германия, Израил, БАЭ жана Украинага барган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости