www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Оргалча, «пой», калча!!

Оргалчанын аты, Жанар Акаевдин ордун алам деп «Альянс» партиясынан сүргүсү келгенден баштап, эл оозуна алынган. Ал Жанар Акаев менен депутаттыкты талашканда «үлкөн» үй-бүлөнүн тиешеси бар деп чыккан. «Үлкөн» үй-бүлөнүн алы аны депутат кылууга жетпей койду, бирок базарда алып сатарлык кылууга сыртынан көзөмөлдүк кылганга жетет экен. «Альянс» партиясы боюнча «Түшпөс хан» Шайлдабекова башында турган БШК 2021-жылы 15-декабрда Жанар Акаевди мурунтуктап ордуна Оргалчаны депутат кылган. Мандат албай калган Акаев сотко кайрылган, сот анын талабын 21-декабрда канааттандырган. Анда депутаттык антты Жанар Акаев берип Оргалча «оргалып» калган. Кытайлык Оргалчанын депутат болушу «Көп чатактын башы, Көкөтөйдүн ашындай» болгону баратып, оомат Жанар Акаевге өткөн. Оргалча кытайдан келгенинеби кээ бирөөлөр уйгур дешет. Мыйзам боюнча башка улуттун өкүлү депутат болгонго тыюу салынбайт. Бирок Кытайдан келген башка улуттун өкүлү депутат болсо өөн учурайт. Себеби, Оргалча «уйгур, кытай, шпион» дегендер чыгышты. Буга жооп кылып Оргалча таятасы көлдүн Талды-Суусунан экени айтылып чыкты. Ошондуктан көлдүк мамлекеттик башчысына жакын деп да чыгышты. Барынан кызыгы еврейлер эне жагынан уруу сүрүштүрүп келишет. Оргалчанын эне тарабы кыргыз экенин өзү жазды,ал эми ата-теги ким, ал тууралуу кеп да кылган жок. Эмне үчүн ата-тегин жазбайт?

Кытайлык Оргалчанын Жанар Акаевдин ордуна депутат болушу чоң ызы-чууну жараткан. «Жаңы шыпыргы жаңыча шыпырат» мамлекет башчысы алмашкан соң Конституция да, Шайлоо кодекси да өзгөрүлгөн. Жаңы шайлоо кодекси боюнча гендердик саясатты туура колдонуп, аялзатына жол ачыш үчүн эркектердин жолу буулуп 4957 добуш топтогон Жанар Акаевдин ордуна 1286 добуш алган Кытайдан келген Токтобүбү Оргалча парламентке келе турган болгон. Бул тууралуу Шайлдабекованын көрсөтмөсү менен БШК мүчөсү Жылкыбаев жылмалап түшүндүргөн. Жанар Акаев учурунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин пресс-катчысы болгон. Атакесинин көңүлүнө төп болгон соң аны СДПК партиясы менен 2015-жылы парламентке депутат кылган. Арийне, депутат болор менен аны жетелеп келген Атамбаевге каршы чыгып экс-президенттик статусун алууга чоң салым кошкон. 2020-жылы ал Текебаевдин «Ата-Мекен» партиясына кирип шайлоодон өтпөй калган. 2021-жылы Атамбаев «Социал-демократтар» партиясына чакырып, бирок «Альянс» партиясы менен шайлоого аттанган. Бир кезде Атамбаевди каматууга өбөлгө болсо, эми Атамбаев бошонсун деп жулунуп турат. Бул шайлоодо анын ордуна кытайлык улутташыбыз Оргалча келе турган болуп, анын келишине канайым Айгүл Жапарованын тиешеси бар деп чыгышкан. Мамлекет башчысынын пресс-катчысы Эрбол Султанбаевдин билдирүүсүнө караганда, биринчи леди Айгүл Жапарованын Оргалча менен эч тиешеси жок, ал эмес аны тааныбайт деп билдирген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости