www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Балта шаарында поезд адамды сүзүп кетти.

“Кыргыз темир жолунан” билдиришкендей, 21-мартта саат 19:55те Бишкек - Кайыңды багыты менен келе жаткан поезддин машинистти жолдун 3718-чакырымында поездди ыкчам токтотууга аргасыз болгон. Анткени темир жолдо адам болгон.

“Поезддин үн сигналына ал адам эч кандай реакция кылган эмес. Аралыктын аздыгынан кырсыкты алдын алууга мүмкүн болгон жок. Окуядан кийин укук коргоо органдары жана тез жардам кызматы чакыртылган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилди”, - деп айтылат маалыматта.

“Кыргыз темир жолу” аталган жол үн (сиреналык) жана жарык (светофор) сигналдары менен жабдылганын, мындан тышкары, өтмөккө поезд жакындаганда шлагбаум жабыларын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости