www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кошелок» атка  конгон Арзыбек Бурханов баш болуп, «Уу коргошун» атка конгон эксминистр төш болуп омбудсмен шайлоодо жеңилип беришти. Жакшыбаеванын көп кыргыздар тааныбайт,  ал эми Жаманбаеваны болсо диктор катары бир топ адам таанып калышкан. Анын кызы өмүрүнүнүн көпчүлүгүн прокуратурада өткөргөн, кызы прокурор өлсө төлөй туран 21 миллион сомдон кечти. Прокуратурада 23 жыл иштеген Жамиля Жаманбаева акыйкатчы болуп шайланганы боюнча көп күндөн бери кызуу талкуу жүрүүдө. Мындай кадрга ичи чыкпагандардын көбү:  "Аңгектен качсаң дөңгөккө" деген ушул тура.  Мамлекетте прокурор менен соттордун адилетсиздигинен жапа чегип зар какшагандар көп. Анан өмүр бою айыптоочу болуп иштеген прокурор кантип акыйкатчы болот" дешип жерге түкүрүп жатышат... 

Айтор, президенттин кадрдык саясатына нааразы болушуп кескин сынга алгандар менен мындай алешемдик иштерди атайылап элге каршы жасап жатышабы деп баш катыргандар андан көп. Чынында, коомчулук өмүрү бир адамдын укугун коргобогон адамдын Акыйкатчы болгонун, "карышкырга кой кайтарткандай" кабыл алып жатышат. Сыягы, президент "кадрдык голод, инопланетян болсо дагы кызматка коём" дегенин далилдеп жатат окшойт. 

Жалаң айыптап, күнөө тагып көнгөн адам кантип башкалардын укуктарын коргойт? Акыйкатчы деген жаманбы, жакшыбы укук коргоо жаатында иш алып баргандар, адвокаттар, же калыстыгы, акыйткатчылдыгы бар саясатчы, коомдук ишмерлер, болбой баратса чындык, башкалардын укуктары үчүн күрөшүп келген журналисттерден болсо жарашмак. 

Анан аң-сезим, түшүнүгүндө, иш тажрыйбасында жалаң айып тагып көнгөн прокурордун Акыйкатчы болуусу, чынында принцибинде, табиятында туура эмес, логикага сыйбаган нонсенстик көрүнүш...

Өмүр бою прокурор, тележылдыздын кызы... Жаңы Акыйкатчы Жаманбаева тууралуу фактылар мындай:

Жаманбаева Жамиля Акматбековна 1977-жылы 22-февралда Фрунзе шаарында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук универститетин "юриспуденция" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

- 1998 ― Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасында стажер, прокурордун жардамчысы, прокурордун улук жардамчысы;

- 2001-2004 ― Свердлов райондук прокуратурасында улук тергөөчү, прокурордун улук жардамчысы;

- 2004-2007 ― Бишкек шаардык прокуратурасында ички иштер жана прокуратура органдарында тергөөгө көзөмөл жүргүзүүчү бөлүмдүн прокурору;

- 2007 ― Башкы прокуратуранын маалымат катчысы;

- 2007-2011 ― Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун прокурорунун орун басары;

- 2018-2021-жылдары Башкы прокурордун орун басары болуп иштеген.

Соңку парламенттик шайлоодо "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын тизмеси (№28) менен катышып, бирок мандатка жеткен эмес.

Жаңы Акыйкатчы айтылуу техника илимдеринин доктору, профессор, маркум Акматбек Жаманбаев менен кыргыз телевидениесинин легендасы, диктор Тамара Жаманбаеванын кызы.

Өмүр бою прокурордук кызматтарды аркалап келген Жамиля Жаманбаева Акыйкатчылык кызматты канчалык деңгээлде алып кетет деген ой коомчулуктун бүйүрүн кызытууда.

Белгилей кетүүчү жагдай, Жамиля Жаманбаеванын аталган кызматка талапкерлигин “Мекенчил” депутаттык тобу жана "бийликчил" «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы сунуштаган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости