www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-майда Си Цзиньпин Сиань шаарындагы Эл аралык конференция борборунда Кытай-Борбордук Азия саммитин өткөрүп, негизги сөз сүйлөдү. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине кытайлык CCTV plus агенттиги билдирди.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кытайдын жана Борбор Азиянын накыл сөздөрүн келтирип, Кытайдын жана Борбор Азиядагы беш өлкөнүн жаркын келечегинен үмүттөнөрүн билдирди.

"Шэньси провинциясынын эли: "Мээнет жерден алтын чыгарат" дейт. Борбор Азияда: "Иштесең тиштейсиң" деген макал бар. Биргелешкен аракет жана тилектештик жалпы гүлдөп-өнүгүүгө жигердүү көмөктөшө берсин. Биздин алты мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн эң сонун перспективалар ачылсын!", - деп айтты кытайлык лидер.

Кытай лидеринин төрагалыгы астында өтүп жаткан жыйынга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышууда.

18-19-майда өтүп жаткан саммит Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ар биринин ортосундагы дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки 31 жыл ичинде Кытай жана Борбор Азиядагы беш өлкөнүн лидерлеринин биринчи жамааттык бетме-бет жолугушуусу болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости