www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизде вахтада бир жашы улгайып калган орус кемпир иштейт. Кирген чыккандарга аябай сылык мамиле кылып учурашат же коштошот. Башка вахтерлорго окшоп отурганын көргөн жокмун. Вестибюлда ары-бери басып турганы турган.

Кечээ эмнегедир сурап калдым, эмнеге такай туруп турасыз, отурбайсыз деп. "Мен такай туруп туруп иштегенге көнгөмүн" дейт. 
"Кайда иштечү элеӊиз", - деп сурасам, "консерва чыгарган заводдо иштегем" деди. Кандай сонун консервалар чыкчу эле, азыр жок десем сөзүмдү улай ыйламсырап жиберди. 

— Мурун мамлекеттик алдыӊкы жаӊы техника технология менен жабдылган чоӊ завод эле. Заводду жаап тиехникасынын баарын сатып жиберишти. Андан кийин жеке менчик ошондой ишканада иштедим. Бирок аны да жаап иштетпей коюп ичиндеги жабдуулары чирип баштатады. Эмне үчүн мындай кылып жатышат, - деп кейип кепчип калды.

Ушундан улам 1969 жылы биз КМУнун биринчи курсуна өткөн жылы Искрага помидор тергени бардык. Мен, Кенчибек, Алик (Абдулла Латиф), Мишка (Мухарме) төртөөбүз грузчик болуп кечке биздин балдар кыздар терген помидорлорду машинеге жүктөйбүз. Он чакты бала пульпада иштешет. Талаа жайнаган помидор. Токмоктун консерва чыгарган заводу күнү-түнү тынбай иштейт. Дүкөндөрдө завод чыгарган томат соктору, пасталары токчулуктун, барчылыктын белгиси болуп толуп турат. 

Ошол мезгилде Кыргызстандын ички дүӊ продукциясынын 40% жеӊил өнөр жайы (жип ийриген, кездеме токуган, кийим тиккен, бут кийим тиккен тамак-аш чыгарган) завод-фабрикалар болгон. 

Колхоз, совхоздорду тараткандан кийин, бир нече жүз миӊ майда чарбалар пайда болуп, товардык сырье жоктугунан ошол завод-фабрикаларга сырье бербей калышып жабылды. Колхоз, совхоздор, завод-фабрикалардын жабдуулары кан таламай кылынып сатылды. Ушул күнгө чейин сатып түгөтө албай жатабыз. Жүздөгөн миӊ жигит-кыздарыбыз бир эле күндө жумушсуз калышты. Жайнаган чаар баштыктар Кытайга, турцияга, Индияга каттай баштады. Жүздөгөн миӊ жумушсуз калгандар, андан да көбү кайдасыӊ жумуш, кайдасыӊ деп кара курсактын айынан Россияна карай агылды. 

Бүгүнкү күнү жалпы өнөр жайыбыздын көлөмү 12-15 процентке жетип жетпейт. Тамак-аш, кийим-кечелерди импорттойбуз. Бюджетибиз жылдан жылга семирип жатат дешет. Бирок кантип семирип жатканы түшүнүксүз. Экономикасы жок өлкөдө бюджет кантип толот белгисиз.

Орто Азиянын 5 республикасынын финансы жана кредиттен сабак берген мугалимдерин жыйып Дүйнөлүк Банк менен Европа банкы рыноктун системасын окутуп Австрияга, Италияга, Турцияга, Японияга, АКШга чейин кыдыртып менчиктештирүүнүн негизги максаттары менен принциптерин окутушту. Бирок биздин Кыргызстандагы приватташтыруу менен биз Америкадан окуп келген приватташтыру эки башка жыйынтык берди. Америка, Япония, АКшдагы приватташтыруу экономиканы алдыга жылдырып, жумушсуздуктун санын азайтты. Биздики болсо тескерисинче завод-фабрикалар жабылып, экономикабыз талкаланып, жумушсуздук трагедияга айланды. 

Биз Америкадан окуп келген рынок менен приватташтыруунун максаты, принциптери жана механизмдери башка эле десек, «силер теоретиксиӊер, биз практикпиз» деп кайра бизди ЛОХсуӊар деп шылдыӊдашат.

Билими күчтүү кызыл дипломдуу жаштарыбызды жумушка алышпайт. Бирок силер начар адистерди даярдап жатасыӊар деп ЖОЖдорду күнөөлөшөт. Начар адистер акча берип жумушка орношот, жакшы адистер акча бербей жумушсуздуктун айынан Германияга, Англияга Түштүк Кореяга мамлекет квота берди деп кара жумушка пачкалап жөнөтүлөт. Мамлекет суусу соолгон кудукту элестетип жатканы менен эч кимдин иши жоктой. Билимдүү, алдуу-күчтүү жаштарыбыз алыскы өлкөлөрдө. Кары-картаӊ кемпир-чалдар, кароосуз калган бала-бакыра жана билимсиздер биздин өлкөдө.

Дипломдордун баркы кетип сомго окшоп кунарсыз болуп калганы коомго жакшы адистердин кереги жоктугунан келип чыгат. Качан кызыл дипломдор ордун тапканда ЖОЖдордун девальвациясы токтойт. Ошондо жаштарыбыз өзүлөрү жан талашып окуйт. Мугалимдердин баркы көтөрүлөт. Жүз миӊ кыргызга баланча миӊ жогорку билимдүү адамыбыз бар деп мактанабыз. Азырынча баары тескерисинче.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости