www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын президенти Рахмон «таноосуна бок сыйпалган торпоктой» кыргыз президентине саламга да келбестен жолугушту. «Өзү осуруп алып башканы коркуткан» адамдай эле. Канкор Рахмон Путиндин көзүнчө саламга келген жок. Бул анан кадыр-баркын ого бетер түшүрөт. Дүйнөлүк этикада да, кыргызда да мындай бетпактык жок. Ушундай оор кырдаалдарда кыргыздар да ар кимге колтугубузду ачпай ынтымакка бириккенибиз оң. Болбосо Сапар Исаков сыяктуулар Тажикстанга жер берип президентти алмаштыргандан кайра тартпайт. Тажикстандын, президент Эмомали Рахмондун Кыргызстанга мынчалык кастык мамилесин өзүнүн бийлигин чыңдоо жана ички социалдык, аймактык маселелерин чечүү аракети катары да баалагандар болууда. Тажик президентинин өзүнүн мамлекети менен элинин социалдык, аймактык көйгөйлөрүн кошуна мамлекеттин эсебинен чечүү аракети туура эмес. Ал бул маселелерин биздин эсебибизден чечпеш керек. Эгер Рахмон өзү 30 жылдан бери башкарып келаткан мамлекетин экономикалык жактан туңгуюкка туш кылып, эли кыйналып атса, анда күчкө салып эмес, экономикалык кызматташтык, достук мамилелерди сунуш кылыш керек. Бирок анын аскердик агрессиясы эл аралык дипломатияга эмес, жөнөкөй адамкерчиликке да жатпайт.
Кыргызстан азыр саясый жактан да, экономикалык планда да ыңгайсыз абалда турат. Балким, ал биздин дал ушул алсыздыгыбыздан пайдалангысы келип жаткандыр. Бирок 1990-жылдары ушул эле Тажикстан бизден да кыйын кырдаалга кабылганда, мамлекет деген гана аты болуп, бийлик талаа командирлеринин колуна өтүп, жок болуп кетүү алдында турганда Кыргызстан аларды жараштырып, сактап калды эле. Ошондо биз өзүбүздүн каалаган маселебизди чечип алсак болмок. Себеби алар кандай гана болбосун документке кол коюшмак. Анткен менен биз андай кадам жасабай, тажик элин сактап калып, Тажикстандын мамлекет катары жоголуп кетпешине чоң салым кошконбуз.
Эки мамлекеттин чек арасы 30 жылдан бери такталбай, анын натыйжасында суу, жер талаш кошуна айылдардын жашоочулары бири-бирине таш ыргытуу менен гана коштолуп келсе, учурда бүтүндөй армиясы Кыргызстандын аймагына, тынч жаткан элине кол салып, куралсыз, бейкүнөө жаш балдардан тартып, аялдар, кары-картаңдарга чейин өмүрү кыйылды. Тажикстандын бийлигинин кылымдар боюу кошуна жашап келген кыргыз элине мындай жырткычтык кол салуусунун себебин кандай түшүнсө болот?
Тажикстандын бийлигинин, армиясынын кошуна мамлекет болгон Кыргызстанга аскердик кол салуусун, болгондо да чектеш жайгашкан айылдардагы тынч турмушта жашаган бейкүнөө адамдарды, жаш балдар менен аялдарды атып өлтүрүп, алардын үйлөрүн, социалдык объектилерин, мектепти өрттөшү эч бир акыл-эстүү ой жүгүрткөн адам үчүн түшүнүксүз болууда. Алар Тажикстанга кандай коркунуч туудурду эле? Деги эле буларды бир мыйзамдуу мамлекеттин армиясы деп атоого болобу? Бул жерде ачыктан ачык эле агрессия болуп жаткандыгы көрүнүп турат. Ошол эле учурда алардын түштөн кийин бул алдын ала коргонуу, тажик калкы менен мамлекетинин кызыкчылыгы жана коопсуздугу үчүн жасалган аракет болгондугу тууралуу актануусу эч бир эреже, жобого ылайык келбейт. Анткен менен окуяны жеринде ыкчам чагылдырган маалымат каражаттары менен сүрөт, видео документтер аркылуу дүйнөлүк коомчулук ким күнөөлүү экендигин көрүп-билип турду жана ошого жараша мамиле жасоодо. Мындан тышкары, эл аралык эксперттер бир союзга кирген (ЖККУ), кылымдар боюу кошуна жашап келе жаткан бир тууган, эгемендүү мамлекеттин аймагына кол салган аскердик агрессия болду деп баа беришүүдө. Ошондуктан, бул жерде аябай таң каларлык жагдайлар жаралууда.
Бирок өткөн чырда Тажикстан Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондоруна кол салгандан туура бир ай өтүп, Ош облусунун Чоң-Алай району менен чектешкен аймактан да такталбаган аймакка миң метр кирип келип, контейнер орнотуп, брондолгон аскердик техникаларын кошо орноткондугу таң каларлык болду? Бул да алардын түздөн-түз чагымчылдык аракети болду. Баарынан да 2021-жылы 15-майда эки тарап мындан ары баардык чек ара маселелери сүйлөшүү жолу менен чечилери тууралуу документке кол коюлган эмес беле. Анда шарттуу чек ара аймактары белгиленген. Ошол эле документте такталбаган аймакта эч кандай чарбалык жана аскердик жумуштар жасалбай тургандыгы белгиленген. Бирок тажик тарап өздөрү кол койгон документти бузуп, эч кандай себепсиз жана алдын ала эскертүүсүз аскердик оор техникаларын, элдин баары кызуу уйкуда жаткан түңкү саат үчтө киргизип жатпайбы. Андан кийин контейнерин калтырып, 600 метр артка чегинип, күндүзгү саат 12ге чейин кыргыз тарап кандай мамиле жасайт деп күтүп отуруп атпайбы. Тилекке каршы Кыргызстандын тиешелүү бийлик өкүлдөрүнүн телефон чалууларына жооп бербейт.
Кандай максатты көздөшү мүмкүн? Кай жагынан алып караганда да алардын көздөгөнү жакшылык эмес. Бирок негизги көңүл Баткен облусу болуп, кыргыз тараптын күчүн бөлүүнү, алагды кылууну көздөдү. Бул демейдеги эле аскердик операция. Эч качан дос, кошуна мамлекет мындай мамиле жасабайт. Болгондо да Кыргызстан аларга эч кандай коркунуч жаратпай, бардык маселелерди тынчтык, сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү ниетин билдирип жаткан соң.
Тажикстан Кыргызстандан жамандык көрбөдү окшойт. Ошол он жылга жакын созулуп, жүз миңдеген адамдар өлгөн жарандык согуштан кийин деле Тажикстан экономикалык жактан кыйналып жашап келатат. Бир чети Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримов чек арасын чычкан жөргөлөп өтө алгыс кылып тосуп салып, ал тургай аң казып, ага суу толтуруп, зымга ток туташтырып койгондо тажиктер сырткы дүйнөгө бир гана Кыргызстан аркылуу өтүп, соода-сатыгы да жалаң биз менен болуп келди. Артында Афганистан, Иран алыс. Ошондуктан тажик кошуналардын кыргыз эли менен мамлекетинин жакшылыгын унутуп коюшу өтө кечиримсиз болот.
Тажикстандын армиясы Кыргызстанга кол салган күндөрү Дүйшөмбүдө ЖККУга мүчө-мамлекеттердин жыйыны өтүп жатпады беле. Бул кокустукпу же Тажикстан аскердик агрессиясын атайлап ушул эл аралык иш чарага тушташ уюштурган. Канткен менен ошол учурда биздин ал жыйынга катышкан өкүлдөрүбүз унчукпай отуруп калбастан, “Кечирип коёсуңар, биз бул жерде союздаштык, коопсуздук маселелерин карап жатабыз. Бирок жыйынды өткөрүп жаткан өлкө кошунасына кол салып, эч кандай себеби жок башка мамлекеттин желегин өрттөп, ал аймакка өз желегин илип алып жатат...”,- деген мааниде билдирүү жасаш керек эле. Болгондо да тынч турмушта жашаган эл, жаш балдар менен кары-картаңдар өлтүрүлбөдүбү. Эмне үчүн мектепти өрттөп, талкалаш керек эле? Максат айылындагы миномет менен атылып, өрттөлгөн мектеп, жаш балдар менен кары-картаңдар Тажикстанга кандай коркунуч келтирди эле? Мындан тышкары карапайым кыргызстандыктардын үй, дүкөн, башка мүлктөрүн талап-тоноп, малын айдап кеткендиги талоончулук болуп жатпайбы. Ошондуктан, бул учурда ЖККУнун Тажикстанда өтүп жаткан жыйынына катышкан биздин өкүлдөр убакыттан уттурбай, тез арада билдирүү жасап, кошуна Казакстан, Өзбекстан жана Орусиянын өкүлдөрүн согушту токтотуу боюнча ортого салышы керек болчу.
Эмне үчүн биздин аскерлер аймагыбызга басып кирген душманга жооп кайтарган жок? Эмнеге коргонууга команда берилбеди? Аскердик устав боюнча биздин чек ара бөлүктөрүнө басып кирип, өрттөгөн душманга жооп бериш керек эле го. Эгер мамлекеттин бүтүндүгүн коргоп турган аскерлерге, болгондо да бөлүккө башка мамлекеттин армиясы эмес, жөнөкөй эле куралчан адам кирип келгенде буйрукту күтүп отурбастан атыш керек болчу. Бирок биздикилер артка чегинип, бекетти таштап чыгып кетип атышпайбы. Кыскасы, бул жерде көп түшүнүксүз жагдайлар бар. Балким, учуру келгенде баары ачыкка чыгар.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg