www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алыстан уу-дуу кеп чыгат Сапар Исаков жердешибиз Москвада казинодо ойноп 5 миллион доллар акча уттуруп ийген имиш. Имиш дейлик десек өзүн ошол тармакта доо өндүргүч катары айтты бир чечен жигит. Москвада эң кымбат деген райондорунда ондогон элиталык квартиралары бар экендигин ошолорду баалап атканда орустардын Мамдумасынан өтө таасирдүү адамдар киришип алып калышканын айтып берди.
Сапар Исаков өтө олуттуу деле саясатчы эмес. Анын бийлик элитасына келип, Атамбаевдин «Сапарушка» деген наамына татыш үчүн эмне аракеттер болгон? Алмазбек Атамбаев иштин көзүн билген олуттуу саясатчылардын түбүнө жеткен, өзүнүн сөзүнөн чыкпаган, акча дегенде көзү тумандап кеткен жаштарды колдоп, бул дүйнөдө Кыргызстанга түркүк болгусу келген. Ал бардык көтөргөн балдарын «Балашка» деп койчу, бул сөздү кокосу күнгө жеткен жаштар жактырышып, «улут лидери» мактап жаткандай кабыл алыша турган. Атамбаев бир гана Сапар Исаковду бөлүп, «Сапарушка» дегени, анын кекиртегинин кенендиги болсо керек.
«Сапарушканын» бийликке келишинин баштапкы этабы Аликбек Жекшенкуловдон өткөн. Жекшенкулов тышкы иштер жагында «жаагы жанып» турганда жаш жана да идиреги бар Сапар Исаковдун тышкы иштер министрлигине «тийише» калып жүргөнүнө колдоо көрсөткөн. Менимче анын жердешчил сезими ойгонуп кетпесе керек, дараметтүү бул жигитти көпчүлүк жаштар иштеп жаткан Жогорку окуу жайынан сууруп чыгып, бийлик элитасына аралаштырууга алгачкы кадамды Аликбек Жекшенкулов жасаган. Жекшенкуловду саясатчылар бүт эле жакшы билет, «оомалуу төкмөлүү дүнүйө» аны толкунуна салып алып, көп ирмеди. Арийне «Сапарушка» өзүн көтөрмөлөгөн Жекшенкуловго эмне ыраазычылык кылды? Ал Жекшенкуловдун балким төмөндөшүнө пайдасы тийгендир, анткени улам ар кимди «кидать» этип келаткан «Сапарушкага» иштин көзүн билген Жекшенкулов чоң тоскоолдук кылгандыр. Жекшенкулов жаш кезинде эле «легендарлуу парламенттин» мүчөсү болгон. 1990-жылы Ош облусунун комсомолун жетектеп туруп, чуулгандуу Ош окуясында ошол кездеги Ош партиясын жетектеп турган Үсөн Сыдыковдун оң колунун бири болгон.
Акаевдин күтүлбөгөн жерден бийликке келиши саясатта өзүнүн чыйыры бар, Жекшенкуловго терс таасирин тийгизип, легендарлуу парламентте Акаевдик бийликке сын айткан башкы депутаттардын бирине айланат. Бакиевдик бийлик анын мындай дараметин билип, Тышкы иштер министри деген чоң постту берет. Кыргызстандын ичинде эмне алай-дүлөй болуп жатат ким билет? Бирок тышкы иштер министрине татыктуу адам келсе, дүйнө Кыргызстанды таанып турмак. Жекшенкулов мындай жакшы позицияны аткаргандыр, бирок анын бул посттон кетиши оппозициялык күчтөргө өбөлгө болот. 2007-жылдын аягында өкмөт башчысын татыктуу аткара албаган Алмазбек Атамбаев кызмат ордунан кетет. «Ак Жол» партиясы бийликке келет, Аликбек Жекшенкуловдун идеясы менен парламентке кире албай калган саясатчылар Коомдук парламентти түзүшөт. Коомдук парламент кийинки бийликтин келиши үчүн чоң кызмат кылган. Бийликке да, оппозицияга да батпай, ай талаада жалгыз калган Алмазбек Шаршеновичке Жекшенкулов жолугуп Коомдук парламентке тартат. Коомдук парламенттин башка мүчөлөрү жактырган эмес. Ошол уюмга мүчө болгон Өмүрбек Текебаев Атамбаевди колдойт. Анын запкысын 2016-жылы тартат. Жекшенкулов деле жыргап кеткен жок, 2011-жылы президенттик шайлоодон өтүп алган соң, мурун дайым куттуктоо жиберип турган Атамбаев аны унутат.
Арийне, анын кадры «Сапарушканы» эч качан унутпайт. «Манас-Ганси» авиабазасында «курсак тойдуруунун» жакшы ыкмасын таап, ошол жерден миллиондор менен күн көрүп жүргөн Өмүрбек Бабановду сүрүп чыгарып, Максим Курманбековичтин оң колуна айланып бараткан, «Сапарушка» Курманбек Бакиевдин Москвага барып, 2 млрд доллар жана 150 миң грант үчүн Кыргызстандын «Ганси» базасын чыгаруу үчүн тымызын каршы чыгат. Анын оюу «Ганси» авиабазасынан тышкары Баткенде АКШтын аскер базасын ачуу болгон. Ошондуктан, Максим Бакиевди жандап 2010-жылы 6-апрелде АКШты көздөй учуп кеткен. Мунун барына көз жүгүртүп жүргөн Орусия ушундай Максим Бакиев жок учурду пайдаланып, бийликти алмаштырып жиберишет. Максим Бакиев артка кайткан жок, бирок акча табуунун «көзүрү» «Сапарушка» Максим Бакиевди «кидать» этип, кийинки бийликтин оң колуна айланат. Бул тууралуу кенен сөз болор.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg