www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абалы начарлаган Перизат Суранова ачкачылыкты токтотуудан баш тартты. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Маалым болгондой, Акыйкатчы Атыр Абдрахматова камактагы Перизат Суранова жана Орозайым Нарматовадан кабар алып чыкты.

«Перизат Суранованын абалы стабилдүү оор бойдон калууда. Тергөө абагына келген тез жардам талапка ылайык, Суранованы ооруканага жаткыруу үчүн алып кете алган жок. Перизат Суранова ачкачылыкты токтотуудан баш тартты. Орозайым Нарматованын абалы стабилдүү оор. Ал ашказан жарасы жана жүрөк оорусу менен жабыркап жүргөнү белгилүүболду»,-деп жазды укук коргоочу.

Эске салсак, 2022-жылдын 22-октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 

23-октябрда массалык камакка алуулар башталып, бийлик башаламандыкка даярданган деген айып менен 26 адамды камакка алган.

Алардын 19у мөөнөтсүз ачкачылык жарыялашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости