www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мончочу, (банщик)»

Мирбек Асанакунов

2007-жылы Атамбаевдин СДПК фракциясы менен парламентке депутат болуп келген Асанакунов 2010-жылы Убактылуу Өкмөт бийликке келген соң Фарид Ниязов, Абдил Сегизбаев, Албек Ибраимовдордун «менчик» «саунщигине» айланган. Мирбек Асанакуновдун каймана ысымы «мончочу» Ысык-Көл облусунун мурдагы эки жолку губернатору, «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчиси, профсоюздар Федерациясынын төрагасы, башкысы эң эле чуулуу жана жоопкерчиликтен качкан ашынган коррупционер, экстра-класстагы аферист жана шылуун. Эл ичинде Мирбек Асанакунов «саунщик»  каймана аты менен белгилүү. Анын бүтүндөй «элге каршы» турпатында кандай мамиледе болбосун, түз жүрбөгөндүгүн көрсөтүп турган энди басып коюуга дагы укумдай дагы жер калбай калган. Кайсы жакта иштебесин, мыйзамды сактабай, ызы-чуунун үстүндө жүрөт, болбосо ар бир жасаган кылыктары үчүн эбак эле түрмөгө камалып, жазасын өтөшү керек болчу. 2010-2013-жылдары Ысык-Көл облусунун губернатору болуп эки жолу дайындалуу менен ал «Кумтөр» кенинен аймактын социалдык керектөөлөрүнө жумшалуучу төлөмдөрдөн түшкөн Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусун максатсыз пайдалануунун эсебинен эсепсиз байыган. Мирбек Асанакунов өзү үчүн натыйжалуу, бирок, эң жөнөкөй схеманы ойлоп тапкан. Финансылык кандай которуулар болбосун, социалдык маселелерди чечүү үчүн артка кечеңдетүүлөр (откаттар) түрүндө чегерүүлөрдүн көп бөлүгүн алып турган. Үч жыл ичинде мыйзамсыз алынган суммалар ондогон миллион сомдорду түзгөн. Анын жоруктары жөнүндө көзөмөлдөөчү органдар дагы маалым болушкан. 2014-жылы Ысык-Көл облустук прокуратурасы кезектеги жолу Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондусуна жана губернатор Мирбек Асанакуновго каршы кылмыш ишин козгогон.

«Жапжаңы көнөкбаш»

Абдил Сегизбаев

«Өзүн –өзү билип, өтүгүн төргө илген» заман тамам болуп, Сегизбаев ал замандарга кайра баргысы келет. Атамбаевдин биринчи аялы Теңизбайдын кызы болгон. Теңизбайдын кемпирине Атамбаев президент болуп турганда алтындан жасалган Кремлди «подарить» эткен. Ажырашып кетсе да балдарына, кайындарына көз салып турган. Сегизбай болсо Теңизбайдын бир тууганы, мурунку кайыниниси президенттик аппаратта Илмиянов менен тил табыша албай койгон соң УКМКга төрага кылып койгон. УКМКга достор, эң жакын адамдары төрага болот эмеспи. Каалаган адамынын мойнуна калпты илип каматып салчу Атамбаев өзүнүн мурунку кайниси, Акаевдин «почточусу» Абдил Сегизбаевди алып келип, УКМКны «Аракчеевчиликтен» ашкан жандармерияга айланткан. Ушундай курмандыктардын бири Өмүрбек Текебаев болгон. Эми Сегизбаев бийликти басып алуу максатында жең учунан иш жүргүзүп келатат. 

«Шоопур»

Икрам Илмиянов

Атамбаевдин шопуру Илмияновго берилген. Бул шопурдан көтөрүлүп Атамбаевдин убагында жалгыз өзү мамлекеттик маселелерди чечип калган. Атамбаев кызматынан түшөөр менен биринчи саткан Илмиянов болду. Ал камактан бошогондо жылып жеткен да Илмиянов эле, бирок Атамбаев аны көп жактырбай коюптур дешет.

«Доссекретарь»

Мисир Ашыркулов

Акаев бийлиги убагында КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, КР Коопсуздук кенешинин катчысы, президенттик администрация башчысы кызматтарын аркалаган белгилүү ишмер Акаев менен Ленинградда институтта бирге окуп, жакын мамиле күткөн. Бирок, бийлик учурунда Майрам Акаеванын коррупциялык схемаларына келишпей, аягында граната ыргытылып, катуу жаракат алган. Ошондон кийин акаевдик бийликке каршы туруп, 2005-жылкы революция алдында парламенттик шайлоону утурлай Бакиев, Отунбаева менен бирдикте "Таза шайлоо үчүн" оппозициялык кыймылдын башчыларынын бири болгон жайы бар. Кийин ал киши Кремлдеги таасирдүү досторунун чакыруусу менен Москвага коргоо министрлигине жооптуу кызматка иштеп кеткен.

«Ажыдар»

Жаныбеков Аскарбек

Ажыдардай сугунган жагынан алдына киши салбаган айыл чарбасын тейлеген адам бар. Жаныбеков Аскарбек алтындан чүкө жасатып кимдир бирөөгө тартуулаган имиш. Келечек план боюнча кимдир бирөө кыргыз  президентин «падарке» кылып алат да, Жаныбеков Аскарбекти өкмөт башчысына дайындайт имиш. Ошондо Жаныбеков Аскарбек  айыл чарбасынын биротоло  түбүнө жетип, кимдир бирөөгө каухардан томпой жасатып бермек. Азыркы бийлик орноткон «жумшак» заман бүтүп көпчүлүктүн баштарын эшафоттон көрүп калмакпыс.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

Последние новости