www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каныбек Иманалиевдин кедейлери кимдер?

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев мындан 2 ай мурда, өзүнүн суранычы менен жаңыдан кызматка келгенде президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болгону баарыбызга маалым. Мына ошол жолугушууда К.Иманалиев Билим берүү тармагын тез
арада 5 (беш) багытта масштабдуу реформа жасоо керектигин айтып, президентке убада берип жатып эмне дегени эсиңиздеби?

Жолугушууда Какебиз, "Президенттин алдында 7-класстан жогору окуучуларга гимназия түзүп, жалаң кедей үй-бүлөлөрдөн чыккан таланттуу балдарды окуталы. Нарын дарыясында крокодил жок экениндей эле кедей үй-бүлөлөрдөн чыккан таланттуу балдарды окута турган гимназия да жок экен бизде", - деген эле...

Ошондон бери коомчулукта качантан бери кайсы министрге Кыргыз жарандарын бай, кедей деп бөлүп, расмий маалымат берүүгө уруксат берилди эле деген суроого жооп таппагандар көп?! Ошондо канча кедейдин, канча таланттуу баласы бар болду экен? Аны бизге ким аныктап берет? Статкомбу же министр өзүбү? Ким өзүн кедеймин же кедейдин баласымын деп айтат? Дегеле ошол гимназиясы эмне болду экен? Министр 5 (беш) багытта жасачу масштабдуу реформасынын алгачкы кадамын эмнеден баштады экен?.. 

Айтор, куралай чечендикке салып популисттик кооз сөздөргө ширелген убадаларды ченебей берген Иманалиев жыйынтык күткөн жарандарыбыздын суроолоруна качан жооп берет болду экен? Аз күндө министр мырзага кайрылып, ыңгайсыз суроолордон качпаса, ак же көк деген жообун угуп көрөлү деп турабыз...

Бир кезде Иманалиев өзү президентти "сабатсыз" деп сынга алды эле. Өлкө башчысы сабатсыз болуп жаткан соң, коомубуздагы абал чеке жылытпаса керек. Андыктан, кантип билим берүү тармагын заман талабына шайкеш реформалап, сапатын көтөрүү жаатында оозго алаарлык эмне жаңылык киргизип жатат, кызматтык ишмердиги тууралуу үн катчу учур келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости