www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Арзымат»

Бакыт Төрөбаев

Бай-манаптарды мактап, жактап жүргөн Арзыматтын аты түбөлүккө калган. Азыркы бийликти да мактап, жактап жүргөндөр кезикпей койбойт. Бакыт Төрөбаев Бабановго премьер-министр болом деп, ошол кездеги бийлик менен бир топ салгылашкан. Бирок, Бабанов качып кеткен соң, бийликке жетип барып аларды мактап отурганы көрүп тургандардын зээнин кейиткен. Азыр да «нардан түшпөй» бийликтин бир учун чоюп турат.

"Наполеон"

Алмамбет Шыкмаматов
Учурунда Наполеон ааламды башкарам деп жулунганы менен боюу кыска катары тарыхты түбөлүктө калган. Бишкек эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов бою кыска болгондуктан, саясий чөйрөдө "Наполеон" деген атка ээ болгон. Парламенттин мурдагы депутаты, Өмүрбек Текебаевдин мурунку өнөктөшү Алмамбет Шыкмаматов Инвестицияларды илгерилетүү жана өнүктүрүү боюнча агенттигин 2021-жылдын февралынан жетектеген. Шыкмаматовду Атамбаев да, Текебаев да жетелеп жүрүшүп юстиция министри кылышкан. Арийне, Алмамбет мырза  ал жерден жулкунуп качып, парламентке депутат болом деп жүрүп, Текебаев соолуп, камалып жатканда, «Ата-Мекен» фракциясын жетектеп далайлардын башын ооруткан. Бирок эмнегедир «боссу» Текебаевдин көңүлүнө жакпай чыр менен фракция жетекчисинен да, парламенттен да кеткен. Анын багына 2020-жылдын октябрында башаламандык болуп кетип, министрлик орунга отурган.

«Пистон»

Курманкул Зулушев

Дүңгүрөп үн чыгарган жагынан «Пистондорго» эч ким жетпейт. Кээ бир учурларда кур дүрмөт деле «Пистондор» үн чыгара беришет. Албетте, ок болуп денеге кадалбагандан кийин «Пистондун» жүрөктү түшүргөн үнүнөн билген киши чоочулабайт, билбеген кишиге мунун үнү ачуу чыгып, аны коркунучка алдырат. Азыркы заманда УКМК ок болуп жаңырып жатканда Курманкул Зулушевдин Башкы прокуратурасы «Пистонду» элестеткени чын. «Контейнер»

Иманалиев Каныбек

Көп жылдан бери бул Билим жана илим министрлигин жетектегендерди «Контейнер» деп атап калышты. Анткен себеби кээ бирлер контейнерди мектеп кылышып билим алышкан үчүн окшойт. Контейнерге окуткан бир гана кыргыздарда. Каныбек Иманалиев ким күчтүү болсо ошол жакта. Ал саясий карьерасын Акаевге пресс-катчы болуп баштаган. Акаев качаар менен анын аялынын классташы Тойчубек Касымовдун күйөө баласы Тайырбек Сарпашевдин “Туран” партиясына кирди. Андан Феликс Куловдун “Ар-Намысына”, андан Шакинин “Кыргызстан” партиясына, андан Текебаевдин “Ата-Мекенине” өткөн. Андан “Мекеним Кыргызстанга” жалдырап барганы бар. “Мекеним Кыргызстан” оодарылган соң Сооронбай Жээнбеков бийликтен куулуп, Садыр Жапаров эки тизгин бир чылбырды алганда, чамасына карабай, эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт болуп, президенттикке ат салышып, Садыр Жапаровду акылынын жетишинче какшыктап, келеке кылып сындаган. Тактап айтканда, Иманалиев ошол кезде 24-ноябрда пресс-конференция берип: “Урматтуу Ысык-Көлдүн калкы, аксакалдары, бул тентек балаңар элди укпай жатат. Балким силерди угаар. Чакырбайсыңарбы, көлгө алып кетпейсиңерби. 2 жыл губернатор болуп иштесин, өссүн-өнсүн, андан кийин премьер-министр болсун. Анан даяр болуп келсин. Элдин тагдыры оюнчук эмес. Ал жалаң фейктерди угуп калды” – деп билдирген. 

 «Уу коргошун»

Алымкадыр Бейшеналиев
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту уу коргошун менен дарылоо керек деп жүрүп ээ болгон. Мунун аты жеке эле Кыргызстанда эмес, дүйнөлүк масштабда «уу коргошун» атына татыган. Кээ бирлер бийликтин накта учунда турушуп алжып калышат. Албетте, Брежневди айткан жокпуз, жакында эле кызматынан оогон Алымкадыр Бейшеналиев жөнүндө айтып жатабыз. Эми аны жакында кызматынан четтелди деп айтыш да туура эмес. Ал жай башталганда эле ызы-чуу болуп, кызматынан четтелип калган, бирок кайра министр болуп келип калабы деп, ордун жай боюу катып койгон сүрсүгөн чучуктай сүрсүттү. Анын айтуусунда октябрь башаламандыгында Башкы каармандардын бири болгон. Же Эдил Байсалов айтмакчы президент Петр биринчи болсо булар аны тегеректеп жүрүшүптүр. Сүрсүгөн чучуктай кызматы сакталып турган алжыманын ордуна «Баатырлар» келшкен. Эмне үчүн «алжыма» анткени министр кезинде оозуна эмне келсе оттоп, алжый берчү, министрден оогондон бери үнү чыкпай калды.

(уландысы бар)
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости