www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кошулбоо кыймылынын” Саммитине катышуу үчүн Азербайжанга жумуш сапары менен келген КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжандын “AZAL” авиакомпаниясынын жетекчиси Жахангир Аскеров менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аба каттамдары жаатында эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Анда негизинен эки мамлекеттин борборлорунун ортосунда түз авиакаттамдарды жана аба аркылуу жүк ташууларын ачуунун келечеги каралды.

“Өлкөлөрүбүздүн ортосунда түз авиакаттамдардын ачылышы Кыргызстандан эл аралык каттамдарды бир топ диверсификациялап, эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого салым кошот деп ишенем”, - деп белгиледи Төрөбаев.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар маселенин техникалык параметрлерин кеңири талкуулоо үчүн жакынкы аралыкта эки өлкөнүн эксперттик топторунун жолугушуусун уюштурууну макулдашты.

Жолугушууга “Aviation Service Group” компаниясынын президенти Теймур Маммадов дагы катышты.

 

Последние новости