www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда түнкү жымжырттык жөнүндө мыйзам кабыл алуу зарыл. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, күндүн жылуусу менен Бишкекте кафе-ресторандар, түнкү клубдар активдешип жатат.

«Түнкүсүн ызы-чуу жаратып, шаардыктар уктай алышпайт. Алар уктай албай кыйналып, эртең менен жумушка барышат. Эгер ушундай жерлерде жашасаңар, анын канчалык ыңгайсыз экенин түшүнмөксүңөр», - деди эл өкүлү.

ДепутаттТүнкү жымжыртыкты бузгандарды жазалоону сунуштады.

«Бизде түнкүсүн тынчтыкты сактоо тууралуу мыйзам жок. Ошондуктан, аны кабыл алуу керек. Бизде санитардык эрежелер бар, бирок алар иштебейт. Ызы-чууну өлчөөчү жабдуулар эски. Бюджеттин эсебинен жаңысын алуу керек. Санитардык кызматтын ыйгарым укуктары ички иштер органдарына өткөрүлүп, тынчтыкты бузгандар жазага тартылсын», - деп кошумчалады Дастан Бекешев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости