www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун айланасына буга дейре 5 президенттин "башын жуткандар" толуп алышты. Абайлабаса, сак болбосо, баягы эле кошоматчы, саткындар, эртең эле башкалардын этегине намаз окуп кетишет. 

Ошондуктан, тегерегиндегилерди иргеп, мурда-кийин булганбаган таза кадрларды топтоп иш кылбаса кыйын. Тарп аңдыган жорудай үймөлөктөшкөндөрдөн оолак болгону оң.

Анын үстүнө Октябрдагы революциядан кийинки элдин негизи талаптарынын бири люстрация болчу. Эл ичип-жеп, улам жаңы келген бийликтин коюн-колтугуна кирип кеткен кузгундардан тажап, люстрация маселесин кабыргасынан коюшкан эле. Тилекке каршы, бийликке жаңы жүздөр эмес, баягылар эле толуп алышты. Элдин ушул жагдайга ичи чыкпай турат.

Мына, Акаевден бери ээрден түшпөй келе жаткан Акылбек Жапаров премьер-министр болуп отурат. Салык, айып пул менен элди жүдөтүп, канын соруп бүтмөй болду.

Ошол эле Отунбаева, Атамбаев, Жээнбековдун убагында президенттик аппаратта иштеген, Социалдык өнүгүү министр, Англияда элчи болгон Эдил Байсалов бүгүн президенттин эң жакын адамдарынын бирине айланды.

Акаевдин, Бакиевдин доорунан бери энергетика тармагын калчап, коррупциялык схема түзгөн, кылмыш иши козголгон Алексей Ширшов кайрадан тайраңдаган доорду сүрүп жатат. Садыр Жапаровго убада кылган Максим Бакиевдин 200 млн долларынан дайын жок.

Кыскасы, президент канчалык жакшы иштерди кылууга ниет кылып, аракет жасабасын беш президентти аңга түрткөндөр менен иш жылбайт. Эл үчүн жасалып жаткан жакшы иштери дагы көзгө көрүнбөй, тоскоолдуктар жарала берет. Ошондуктан, жаштарга, таза жаңы жүздөргө басым койгондон өтөөрү жок.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости