www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талгарбеков Столыпиндин реформасына анализ жасап жүрөт, 1861 жылдан соң Орусиянын абалы өтө оор болуп калган. Европалык Орусиядагы 50 губернияда  50 миллион жер иштеткен адам болсо, 1900-жылы 86 миллионго жеткен. Эгерде бир «мужукка» 1861-жылы 4,8 десятин туура келсе,1900-жыл 2,8 десятин өлчөмүнө түшүп кеткен.  Дыйкандардын эмгеги бааланбай эң төмөн жагдайга түшүп кеткен. Мунун башкы себеби айыл чарбасындагы ошол кездеги система болчу.

Орус «мужуктары» эскирип калган «трехполье» жана «чересполосица» деген ыкмаларды колдонушкан, айдала турган жерди үчкө бөлүшүп, бир бөлүгүн эс алдырып айдашкан эмес, үчтөн бирине күздүк дан эгиндерин айдашып, үчтөн бирине эрте жазында буудай, мөмө-жемиш жана башкаларды айдашкан. Анын үстүнө жер орус «мужуктарынын» жеке менчиги болгон эмес. Жерди «община» билген, алар жанга жараша жерди бөлүшкөн.138 миллион десятинжердин 115 миллиону общинага тиешелүү болгон. Бир гана Батыш областтарда жер өз кожоюндарына тиешелүү болгон. Бул губернияларда түшүмдүүлүк башкалардан жогору болуп, кээ бир жылда түшүмсүз болгон учурда ал аймактарда ачарчылык болгон эмес. Бул кырдаал Столыпинге беш манжадай белгилүү болчу, себеби ал 10 жыл боюу ушул жерлерде губернатор болуп иштеген.

Кыргызстанда реформа Талгарбековдун демилгеси боюнча 1995 жылы башталса, Столыпиндик реформа 1906 жылдын 9 ноябрында башталган. Столыпиндик реформадан Талгарбеков керектүү жерлерин пайдаланган. Эки учурда тең  Указдын негизинде коллективдүү жерге ээлик кылгандын күнү бүткөн. Талгарбековдун учурунда колхоз, совхоздор жоюлса, Столыпиндин учурунда  «община» жок кылынган. Жерге жеке менчик кылуу башталган. Столыпиндин учурунда реформа бир нече багытка бөлүнгөн:

1.Дыйкандар жеке менчикке өтүшүп, коллективдүү жерге ээлик кылуунун күнү бүтүп, жеке менчикке өткөн айрым орус «мужуктарынан» бай кулактар өсүп чыгышкан.

2.Дыйкандардын өсүшүнө тоскоолдук кылган эскирген система түп-тамырынан жок кылынган.

3.Дыйкандардын өсүшү мамлекет тарабынан колдоого алынган.

4.Дыйкандар банкы түзүлүп орус «мужуктарына» жеңилдетилген насыя бере баштайт. Столыпиндин оюу боюнча мамлекет орус «мужуктарынын»  алдыга талпынышын мойнуна алат.

5. Дыйкан чарбаларын өстүрүү максатында орус «мужуктарына» насыянын бардык формалары колдонулат. Жерди «залогго» алып банктык насыя берет, кооперативдин негизиндн ссуда берет.

6.Агрономикалык жардам берилет.

7.Кооперативдер колдоого алынат.

13,5 млн үй чарбачылыгынын 6  миллиону жерди жеке менчикке бекитет. Дыйкандар банкы 1 миллиард 40 миллион рублга насыя берет. 3 млн орус «мужуктары» чет жактагы аймактарга мамлекеттин колдоосу менен көчүп кетишет. Орус «мужуктары»  1916 жылы 89,3 % жерди айдашкан жана 94 % айыл чарба мүлктөрүнө кожоюндук кылган.

Столыпиндин реформасын баалоого мүмкүн эмес, анткени анын өзүн 1911 жылы атып кетишет, андан соң биринчи дүйнөлүк согуш, ага удаа февраль, октябрь революциялары чыкты. Столыпиндин оюу боюнча тынчтык болсо 20 жылда бул реформа бутунан турмак.

Арийне, азыркы күндө да Столыпинди жогору койгондор бар, алардын бири Кыргызстанда айыл чарба реформасын жүргүзкөн Талгарбеков.Талгарбековдун убагында айыл чарбасын реформалоого олуттуу көңүл бурулган.  Бүгүнкү Акылбек Жапаровдун жетегиндеги өкмөт миллиарддарды каякка жоготуп атканын ким билет, реформа болсо жылбай токтоп калган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости